Бишкек, 24.12.25. / Кабар/. Реалдуу сектор өлкөнүн экономикалык өсүшүнүн негизги кыймылдаткычы болуп, 2024-жылы айыл чарба продукциясынын көлөмү 395 млрд сомду түзүп, өсүү 106,2%ды түздү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, 2025-жылдын 11 айында айыл чарба өндүрүшү 437,4 млрд сомго жетип, реалдуу өсүү 102%ды түзгөн.
Маалымдалгандай, социалдык маанидеги 9 продукциянын ичинен калк 6 позиция боюнча толугу менен камсыздалган, алар: сүт, картошка, жашылча, эт, жумуртка жана кант.
“2024-жылы ирригацияга 1 млрд сом бөлүнгөн, 2025-жылдын 11 айында - 1,7 млрд сом. Учурда СЖБ жана ДЖБ боюнча 10 объектиде курулуш жана калыбына келтирүү иштери, СЖБ жана ДЖБ боюнча 24 объектиде долбоорлоо иштери жүргүзүлүүдө. 2026-жылга 45 айылды жана 3 шаарды таза суу менен камсыз кылуу пландаштырылган”,- деди Касымалиев.