Бишкек, 10.03.25. /Кабар/. Кесипкөй адистерди даярдоо үчүн жогорку окуу жайларга дуалдык билим берүүнү киргизүү пландалууда. Бул тууралуу Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин педогогика кафедрасынын башчысы Миргүл Эсенгулова билдирди.
Анын айтымында, дуалдык билим берүүнү министрлер кабинетинин жобосуна ылайык киргизүү пландалууда.
“Дуалдык билим берүү практикага багытталган билим берүү. Мында студенттер жогорку окуу жайында эки күн теориялык билим алат, ал эми калган күндөрү билим берүү уюмдарында практика катары окуучуларга билим беришет. Дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн тажрыйбасына таянсак, дуалдык билим берүү көптөгөн өлкөлөрдө өзүнүн жакшы натыйжасын берип жатат.
Аталган билим берүүнү транформациялоо шартында киргизсек, студенттерге жакшы шарт түзүлөт. Анткени, мен педагог катары студенттердин каалоосун билем. Студенттер азыр теорияга караганда практикага багытталган окутууну көбүрөөк жакшы көрөт. Ошондуктан практикалык окутууну күчөтүү максатында дуалдык билим берүүнү өнүктүрсөк ийгиликтерге жетишебиз деген ойдомун”,-деди ал.