Бишкек 18.06.2025 /Кабар/. К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университеттин студенттерине айыл чарба өндүрүшү менен айкалышкан дуалдык билим алууга жакшы шарттар түзүлүүдө. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Алсак, 1-марттан тартып университеттин студенттери алдыңкы фермердик (чемпиондор) чарбаларда жана ишканаларда дуалдык билим ала башташкан.
Анда, "Расул", "Гиляз", "Жумабек" дыйкан чарбаларында, "ЭлДан Аталык Групп", "Салих ЛТД", "Томат Кей Джи", "Агромир КейДжи", "Бай Дыйкан", "Агроветазия", ишканаларында, "Айыл Банк", Финансы министрлигинин окуу борборунда, Айыл чарба министрлиги жана башка жооптуу мекемелерде дуалдык билим алууларын жүргүзүшүүдө.
Ошондой эле Германия, Польшада 75 студент, Казакстанда агрардык университеттин 84 студенти дуалдык билим тажрыйбасын алышууда.
Дуалдык билим берүүдө айыл чарбасындагы чемпиондор, ири ишканалардын өкүлдөрү университетке келип, профессор-окутуучу курамы жана студенттер менен жолугушуп, лекцияларды окуп, өздөрүнүн айыл чарба тармагында жетишкен ийгиликтери, тажырыйбалары менен бөлүшөт. Окуу технологиялык жана өндүрүштүк практикалар айыл чарба ишканаларында өтөт.
Мындай ийгиликтүү жакшы көрсөткүчтөр Айыл чарба министрлиги тарабынан эки жылдан бери өткөрүлүп жаткан "Агродиалог" иш чарасында агрардык тармакта ийгилик жараткан "Айыл чарбасынын чемпиондору" сыяктуу иш-чараларынын үзүрү.
Себеби, министрлик демилгелеген "Агродиалог" ири долбоорунун натыйжасында фермерлер, ишканалар менен Кыргыз улуттук агрардык университетинин ортосунда тыгыз кызматташуу көпүрөсү жаралган. Жыйынтыгында агротармактагы кызматташуу өз жемишин бере баштады.
Ошондой эле министрлик Агрардык университеттеги дуалдык билим берүү багытына мындан ары да колдоого алмакчы.