Кене чагып алса эмне кылуу керек? Дарыгердин жообу

Ден соолук Загрузка... 31 Март 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-03-31 at 14.53.10.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 31.03.25. /Кабар/. Кенелер адамдын денесине жабышып, кан аркылуу инфекциялык ооруларды пайда болушу мүмкүн. Бул тууралуу “Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун дарыгери Айгул Мамбетова билдирди.

Дарыгердин айтымында, алардын эң кеңири тарагандары кене энцефалити жана боррелиоз оорулары.

“Кене чаккан жердин айланасында тегерек же сүйрү исиркектер же ыйлакчалар пайда болуп, булчуңдар жана муундар ооруса, чарчоо, энергия азайып, дене табы көтөрүлсө, шашылыш түрдө дарыгерге кайрылуу зарыл”, - деди ал.

Ал белгилегендей, кенени алууда кол кап же желим баштык кийүү зарыл. Бул чара терини кене жанчылып кетсе, инфекциялардан коргойт.

“Кенени өз алдынча чыгаруунун бир жолу пинцет менен алып салуу. Кенени учтуу учу бар пинцет менен алып салууга болот. Мүмкүн болушунча теринин бетине жакын кармап, туруктуу, бирдей басым менен тартыш керек. Алып салгандан кийин, чаккан жерди медициналык спирт менен дезинфекциялоо же самындуу суу менен жуу керек. Кан соргучту алып салгандан кийин, теридеги жараатты айыктыра электе йод, спирт же башка антисептик менен дарылоо керек. Кене толугу менен жок кылынса, жараат бир жуманын ичинде айыгат. Бинт же компресс талап кылынбайт. Дагы бир жолу кене чаккандан кийин 72 сааттын ичинде кенени алып салуу үчүн жакынкы травматология бөлүмүнө кайрылуу керек”,-деди дарыгер.