Ысык-Көл, 02.09.26 /Кабар/. Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кемин районунан 5 боз үй тигилип, анда улуттук тамак-аштар жана аймактын маданий өзгөчөлүктөрү көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Кемин районунун акиминин орун басары Асел Жуманалиева билдирди.
Анын айтымында, Чоң-Кеминден келген апаларыбыз улуттук даам сынагына катышып, гүл азык, таш кордо жана башка салттуу тамактарды даярдап жатышат.
“Жалпысынан 40 адам уюштуруучулук иштерге жана сынактарга катышууда”, — деди ал.
Ошондой эле Кемин районунан тигилген 5 боз үйдүн экөөсү меймандарды кабыл алуу үчүн, калгандары “Биримдик кербенинин” катышуучулары жана тамак-аш даярдоочу жай катары пайдаланылууда.
Кемин районунун курамында эки шаар жана төрт айыл өкмөтү бар экендиги колумчаланды.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.