Кеминде уча албай калган ак куу куткарылды

Аймак Загрузка... 17 Февраль 2026 10:20
635408462_902170959102701_2222088900666317414_n (1).jpg
copyright icon Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги

Бишкек, 17.02.26. /Кабар/. 16-февралда Чоң-Кемин мамлекеттик жаратылыш паркынын аймагынан болжол менен 2 чакырым аралыкта, Шабдан айылынын айдоо аянтынан ак куу уча албай жүргөн абалда табылган. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү тургундар канаттуунун коопсуздугун камсыз кылуу максатында аны кармап, парк кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Аталган жагдай боюнча тиешелүү акт түзүлүп, ак куу “Бугу эне” фондуна өткөрүлүп берилди. Учурда адистер ак кууга реабилитациялык жардам көрсөтүүдө.

Министрлик жапайы жаныбарларга аяр мамиле кылууга, аларды мыйзамсыз кармоого же зыян келтирүүгө жол бербөөгө жана ушундай учурларда тиешелүү кызматтарга ыкчам маалымдоого чакырат.