Кеминде төө куштар начар шартта багылган. Кожоюну айыпка жыгылды

Укук тартиби Загрузка... 14 Июль 2026 11:40
copyright icon Жаратылыш ресурстары министрлиги

Бишкек, 14.07.26. /Кабар/. Чүй облусундагы "Кемин-Ордо" комплексинде төө куштардын тийиштүү шартта багылбай жаткандыгы боюнча чара көрүлдү.

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, буга чейин социалдык тармактарда аталган комплекстин аймагында төө куштар талаптагыдай эмес шартта багылып жаткандыгы тууралуу видеоматериал жарыяланган.

"Ушул маалыматтын негизинде инспекторлор жеринде текшерүү жүргүзүп, жаныбарларды багуу боюнча белгиленген талаптардын бузулгандыгын аныкташкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында комплекстин ээлерине карата мыйзамга ылайык административдик чаралар көрүлүп, айып пул салынды", - деп айтылат маалыматта.
WhatsApp Image 2026-07-14 at 07.12.39.jpeg

Тиешелүү органдар тарабынан эскертүү берилгенден кийин аныкталган кемчиликтер тез арада жоюлду.