Келечектеги Олимпиада чемпиондору: Кыргызстандын жаш балбандары Афинада ийгилик жаратты

Спорт Загрузка... 06 Август 2025 18:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Үстүбүздөгү жылдын 28-30-июль күндөрү Грециянын Афина шаарында 17 жашка чейинки (U-17) кадеттер арасында күрөш боюнча дүйнө чемпионаты өттү. Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы мыкты жыйынтык көрсөтүп, төрт медаль утуп алышты. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасынын улук машыктыруучусу Дастан Муктаров билдирди.

WhatsApp_Image_2025-08-05_at_21.20.35.width-800 (1).jpg

Муктаров белгилегендей, Алхам Абдирасулов 55 килограмм салмакта Иран, Венгрия, Кытай, Индия жана Казакстандан келген атаандаштарын жеңип, алтын медаль жана дүйнө чемпиону наамына ээ болду.

Нуркерим Кумарбеков (45 кг) менен Амангелди Ысакбаев (60 кг) өз салмак категорияларында финалга чыгып, күмүш медалдын ээси болушту.

Нурислам Өскөнбаев (80 кг) 3-орунду ээлеп, коло медаль тагынды.

51 кг салмакта Ислам Курбанов да коло үчүн күрөшүп, бирок чечүүчү беттеште жеңилип, бешинчи орунга ээ болду.

526858452_768283308878222_532333813088940595_n.width-800.jpg

Машыктыруучунун айтымында, Афинадагы дүйнө чемпионатына даярдык жогорку деңгээлде болуп, жаш спортчулар өлкө намысын татыктуу коргошту.

“Бизде азыр жогорку атаандаштык бар. Учурда күрөш бардык өлкөлөрдө өнүгүп жатат. Жигиттер келечекте Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков сыяктуу балбандардын деңгээлине жетет деген үмүттөбүз. Биздин спортчулар өз өлкөсүнүн намысын коргоп, Кыргызстанды дүйнөлүк аренада даңазалоого умтулушат”, - деди Муктаров.

Ал ошондой эле Алхам Абдирасулов буга чейин, ушул жылдын 23-24-июнунда 17 жашка чейинки (U-17) уландар арасында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону болгонун белгиледи.

WhatsApp_Image_2025-08-05_at_21.29.17.width-800.jpg

Муну менен катар Дастан Муктаров жакынкы келечектеги пландары менен бөлүштү.

“Ушул жылдын октябрь айында Баку шаарында КМШ оюндары өтөт. Биздин команда бул турнирге активдүү даярданууда. Мелдешке грек-рим жана эркин күрөш боюнча U-17 категориясынан 5 балбан катышат. Бул резервдик команда үчүн өзүн көрсөтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк болот”, - деп белгиледи Дастан Муктаров.