Келечек муун үчүн бекем пайдубал: Балдардын жаркын келечеги үчүн жасалган иштер

Коом Загрузка... 01 Июнь 2026 17:35
WhatsApp Image 2026-03-17 at 15.28.24.jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоонун эл аралык күнү дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын ичинде Кыргызстанда да белгиленүүдө. Бул күн жаш муундун укуктарын коргоо, алардын коопсуз жана бактылуу жашоосун камсыз кылуу маселелерине коомчулуктун көңүлүн бурат. Анткени балдардын күлкүсү — тынчтыктын жана келечекке болгон ишенимдин белгиси. Ал ар бир бала сүйүүгө жана камкордукка татыктуу. Мамлекет балдардын келечеги үчүн бекем пайдубал түзүүгө багытталган иштерди бир гана майрам күнү эле эске албайт. Ар бир күнү жарык дүйнөгө келген ымыркайлардан тартып мектеп жашындагы балдардын татыктуу билим алуусуна, аларды ар тараптан өнүктүрүүгө болгон күч-аракетин жумшап келет. Бүгүн “Кабар” агенттиги өлкөдө балдардын жаркын келечеги үчүн көрүлүп жаткан иштерге азын-оолак токтолот.

Кыргызстандын калкынын үчтөн биринен көбү 17 жашка чейинки балдар

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда балдардын саны 2 млн 730 миңди түздү. 2025-жылы өлкөдө 140 миңден ашык бала төрөлгөн. Алардын ичинен дээрлик 72 миңи эркек бала болсо, 68 миңден ашыгы кыздар болгон. Эң көп төрөлүү көрсөткүчү 20–29 жаштагы аялдарга туура келет.

WhatsApp_Image_Yq272f4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Мамлекет калкынын санын толуктаган ымыркайларга “Балага сүйүнчү” бир жолку төлөмүн берет. 4000 сом өлчөмүндөгү бир жолку "Сүйүнчү" жөлөк пулу үй-бүлөнүн кирешесин эске албастан каралат.

2019-жылдын 1-декабрынан тартып үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөндө “Балага сүйүнчү” төлөмү ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөнүп берилет.

WhatsApp_Image_vb6HRuY.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Мамлекет энелердин, ымыркайлардын жана балдардын өлүмүнүн көрсөткүчүн төмөндөтүү, ошондой эле энелерге жана балдарга көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын сапатын жогорулатуу маселелерине өзгөчө көңүл бурат.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2026-жылдын үч айында (январь-март) өлкө боюнча 32 017 төрөт катталып, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 716га көп болду. Төрөттөрдүн санынын эң чоң өсүшү Ош шаарында жана Чүй облусунда катталган.

Ошол эле маалда ымыркайлардын өлүмүнүн көрсөткүчүнүн төмөндөшү байкалган. Ымыркайлардын өлүмүнүн негизги себептери катары перинаталдык мезгилде пайда болгон абалдар, тубаса кемтиктер жана дем алуу органдарынын оорулары калууда.

700461331_997768689317166_5521009791107563617_n

Саламаттык сактоо министрлиги аялдарга жана балдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапатын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, бейтаптарды өз убагында маршрутизациялоо, төрөт кызматын чыңдоо, медициналык кызматкерлердин сактыгын жогорулатуу жана саламаттык сактоо системасынын бардык деңгээлдеринде көзөмөлдү күчөтүүнү улантууда.

trojnyashki-850x560.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

2026-жылдын 1-июлунан тарта үч жашка чейинки балдарга, үй-бүлөнүн социалдык экономикалык абалына карабастан 1200 сом өлчөмүндө “Бала ырысы” ар айлык мамлекеттик жөлөк пулу киргизилүүдө.

Бул долбоор менен “Бала ырысы” ар айлык жөлөк пулун дайындоого арызды электрондук түрдө “Түндүк” мобилдик тиркемеси аркылуу берүү, ошондой эле жашаган жери боюнча түздөн-түз социалдык камсыздоо чөйрөсүндөгү аймактык бөлүмгө арыз берүү каралган. Жөлөк пулдун бул түрүнө арыз берүүдө, жеке идентификациялык номерин көрсөтүү менен, санарип форматта арыз ээсинин паспорту, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк талап кылынат.

Ошондой эле ушул жылдын 1-январынан тарта “Бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк” ар айлык жөлөк пулу киргизилген. Бул жөлөк пул жарандардын социалдык -экономикалык абалына карабастан жана райондук коэффициент эске алынбастан 3000 сом өлчөмүндө төлөнөт.

Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын болгон алыскы аймактарда туруктуу жашаган, 2026-жылдын 1-январынан тартып төртүнчү жана андан кийинки төрөлгөн балдары бар көп балалуу энелерге “Бала береке” бир жолку төлөмү 100 миң сомдон 2 млн сом өлчөмүндө киргизилүүдө.

7244d84a-2c25-49bd-b5f3-f9b668dea91e.width-800
  • 4-баласы төрөлсө – 100 миң сом;
  • 5-баласына – 600 миң сом;
  • 7-баласына – 1 млн сом;
  • 8-баласына – 1 млн 200 миң сом;
  • 9-баласына – 1 млн 500 миң сом;
  • Онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө – 2 млн сом.

Бир жолку “Бала береке” төлөмү иш жүзүндө 2027-жылдын 1-январынан баштап төлөнүп баштайт. Алдын ала болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, эмки жылдын 1-январынан тартып 11 миң балага “Бала береке” бир жолку төлөм берилет.

Ошондой эле 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө “Үй-бүлөгө көмөк” ар айлык жөлөк пул, эгерде үй-бүлөнүн жан башына туура келген жалпы кирешеси үй-бүлөнүн ар бир мүчөсүнө кепилденген эң төмөнкү кирешенин өлчөмүнөн (1000 сомдон) аз болгон шартта 1200 сом өлчөмүндө дайындалат. Ар айлык социалдык жөлөк пул пенсиялык камсыздандырууга укугу жок, эмгекке жарамсыз жарандарга үй-бүлөнүн кирешесин эсепке албастан чектелет.

Мындан тышкары, ата-энесинин экөө тең белгисиз балдарга ар айлык жөлөк пул берилет.

Мектеп жана бала бакчалардын курулушу

Балдардын үчтөн бир бөлүгүнөн көбү – 37%ы шаар жерлеринде жашаса, дээрлик үчтөн экиси – 63%ы айыл жерлеринде жашайт. Балдардын үлүшү Баткен, Жалал-Абад, Ош, Талас жана Нарын облустарында эң жогору деңгээлде катталган (жалпы калктын 38–43%ы). Ал эми эң төмөн көрсөткүч Бишкек шаарында байкалган – 24%.

631950742_1851.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 2 миңден ашык бала бакчада 270 миңден ашык бала тарбияланууда.

Балдардын саны улам өсүп жаткандыктан мамлекет тарабынан жаңы бала бакчалар курулууда.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 14.51.59 (1)

Ошондой эле жеке бала бакча же мектеп кура тургандарга мамлекет тарабынан жерлер акысыз берилип жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Ош облусунун Араван районунда эл менен жолугушууда билдирген.

669814588_1524212106380085_1196614500373563514.width-800
“Кимде-ким жеке бала бакча же мектеп курам десе, биз жерлерди бекер берип жатабыз. Райондордун борборлоруна, кичи шаарларга, облустардын борборлоруна жана Бишкек, Ош шаарларында 1-2 гектарга чейин жер берилүүдө. Мектеп менен бала бакчанын көлөмүнө жараша жер берилет. Анткени, биз мектептерди салып кубалап жете албай жатабыз. Жылда төрөлгөн, бала бакчага, мектепке барган балдарыбыз көбөйүүдө. Жылына мамлекет 20-30, 50-60 мектептен салышыбыз керек болуп жатат. Ошондуктан жеке жактарды дагы жардамга чакырабыз”, - деген өлкө башчысы.

Билим берүү мекемелерин куруу калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруучу, билимге жеткиликтүүлүктү кеңейтүүчү жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө болуучу маанилүү кадам. Ошондуктан мектептер заман талаптарына жана эл аралык стандарттарга ылайык салынып, сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө.

WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.46

Өлкөдөгү 2,4 миң мектепте 1,6 млн бала билим алат. Балдардын санына жараша мектептердин санын көбөйтүү зарылдыгы пайда болууда. Ошондой эле спорт, маданий жана башка мекемелерди курууга өзгөчө көңүл бурулууда.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен ”Кабар” агенттигине маалымдашкандай, бүгүнкү күндө өлкө боюнча учурда 360тан ашык социалдык-маданий объектилердин курулушу жана оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

709707718_1500542521544792_1258210807986230242_n
  • мектеп – 223
  • бала бакча – 61
  • саламаттык сактоо объектиси – 27
  • маданият – 11
  • спорт объектиси – 29
  • башка объекттер – 11
WhatsApp Image 2026-01-16 at 15.11.49

Мектептерди окуу китептери менен камсыздоо көрсөткүчү 84,8 пайызга жетти

Кыргызстанда акыркы жылдары мектептерди окуу китептери менен камсыздоону каржылоо көлөмү кыйла өстү. Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекованын айтымында, эгерде 2020-жылы бул максаттарга 120 млн сом бөлүнгөн болсо, 2025-жылы бул сумма 806 млн сомду түздү.

Министрдин орун басары белгилегендей, 2020-жылы 330 миңден ашык окуу китеби басылып чыкса, 2025-жылы алардын саны 5 млн 85 миң нускага жетти. Анын ичинде Россия менен биргеликте кошумча 651 миң нуска басылды.

"Бүгүнкү күндө мектептердин окуу китептери менен камсыз болушу 84,8 пайызды түзөт. Бул көрсөткүч 11 жылдыктан 12 жылдык мектептик билим берүүгө этап-этабы менен өтүүгө байланыштуу. Анын алкагында окуу фонду толугу менен кайра эсептелип, жаңыланууда", - деди ал.

Келечекке салым

Мамлекет аярлуу катмарга кирген балдарды коргоо жана алардын кыялдарын орундатуу багытындагы социалдык долбоорлорду активдүү улантууда. Кыргызстанда жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдарды каржылык жактан колдоого багытталган "Келечекке салым" мамлекеттик балдар депозити ишке ашырылууда. Президенттин 2024-жылдагы жарлыгына ылайык, мамлекет ар бир жетим бала 18 жашка толгондо анын жеке депозитине 500 миң сом өлчөмүндө каражат которот.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришкендей, 2026-жылдын 1-майына карата өлкө боюнча 3 524 балага депозит ачылды. Бүгүнкү күндө программанын 80ге жакын катышуучусу 18 жашка толуп, берилген каражатты билим алууга, турак жай шарттарын жакшыртууга жана дарыланууга жумшашты.

entradas-de-blog.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Ата-энеси жок балдарга камкордук

Ошондой эле жатак-мектептерди жана кесиптик лицейлерди аяктагандан кийин, окуу жайлардын жатаканаларынан чыгууга аргасыз болгон көптөгөн бүтүрүүчүлөрдү социалдык колдоо максатында Мамлекеттик ипотекалык компания атайын социалдык конок үйүн бөлгөн, ал жерде бүтүрүүчүлөр жогорку окуу жайларында окуу мезгилинде жана жумушка орношуу баскычында жашай алышат.

712864599_2713.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90

Батирлер балдарга жана кыздарга арналган эки блоктон турат. Учурда ал жерде 16 жаштан 18 жашка чейинки 25 бүтүрүүчү (10 жигит жана 15 кыз) жашайт. Алар Бишкек шаарындагы, ошондой эле Чүй, Ысык-Көл жана Ош облустарындагы мектеп-интернаттардын жана кесиптик лицейлердин бүтүрүүчүлөрү болуп саналат. Мындай социалдык турак жай Ош облусунда да уюштурулуп, анда түштүк аймактардагы бүтүрүүчүлөр жашашат.

WhatsApp_Image_2025_LjqRM7E.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp

Келечекте алар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын турак жай программаларына кезексиз катышуу укугуна ээ болушат. Мындан тышкары, өз үйүн сатып алуу үчүн мамлекеттик “Келечекке салым” программасынын алкагында берилүүчү 500 миң сом өлчөмүндөгү топтомо депозиттин каражаттарын пайдалана алышат. Мындан тышкары, аларга жайкы эс алуу жана ден соолукту чыңдоо лагерин уюштуруп берүү маселесин ыкчам чечүүнү президент Садыр Жапаров тиешелүү мамлекеттик органдарга тапшырды.

710598270_2713.max-.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014

Сергек жашоо

Лагерь демекчи, акыркы жылдары мамлекет тарабынан мурдагы балдар лагерлери, спорт мекемелери кайрадан жаңыланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүүдө. Атап айтсак, Ысык-Көл облусунун Тору-Айгыр айылында “Улан” балдардын ден соолугун чыңдоо борбору 1969-жылдан бери жалаң гана жай мезгилинде иштеп, өлкөнүн бардык аймактарынан балдарды кабыл алчу. Акыркы 30 жылда кароосуз калып, чыгашалуу мекемелердин бирине айланган.

545024311_1330107392457225_5609461992172023342_n.jpg

“Улан” жөн гана жайкы лагерь эмес, жайында өлкөнүн бардык булуң-бурчунан келген балдардын эс алуусуна жана саламаттыгына шарт түзө турган, калган мезгилде спорттук жыйындарды, машыгууларды жана маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүгө мүмкүнчүлүк бере турган заманбап жай.

2024–2025-жылдары борбордун аймагында масштабдуу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Үч кабаттуу жатакана толугу менен реконструкцияланып, барнхаус стилиндеги 17 коттедж жана А-фрейм стилиндеги 2 коттедж курулду.

542503658_1330107229123908_6737562663054116178_n.jpg

Борбор заманбап эмеректер жана керектүү жабдуулар менен жабдылган, спорттук аянтчалар, чакан футбол, волейбол жана баскетбол аянтчалары, бассейн, 700 метрлик чуркоо жолу, теннис корттору жана балдардын ойноо аянтчалары жасалган, жаңы конференц-зал курулган, аймак комплекстүү түрдө көрктөндүрүлгөн.

3917391_3H09hAs.19f78347630.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014
“Таалим-тарбия, билим берүү менен катар балдарыбыздын ден соолугуна да кам көрө беришибиз керек. Ага бүгүн ачылышын жасап, пайдаланууга берип жаткан “Улан” ден соолукту чыңдоо борбору айкын мисал. Дал ушул борбор далай-далай жаштарыбыздын ден соолугун чыңдоого, акыл-билимин арттырууга, шык-жөндөмүн ачууга жана талантынын ташкындашына өбөлгө болсун!”, - деген мамлекет башчысы аталган борбордун абалы менен таанышкан учурда.

Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты, Эмгек, саламаттык сактоо, аялдар иштери жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымынын орун басары Гүлнара Баатырова “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө билим берүү сапатын жогорулатуу, саламаттык сактоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү, социалдык жактан аяр катмардагы үй-бүлөлөрдү колдоо жана балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча бир катар мамлекеттик программалар ишке ашырылууда. Ошондой эле балдардын коопсуз чөйрөдө өсүп-өнүгүүсү үчүн мыйзамдык база тынымсыз өркүндөтүлүп, алардын укуктарын коргоого багытталган чаралар күчөтүлүүдө. Балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо Конституцияда, Балдар жөнүндө кодексинде жана башка ченемдик укуктук актыларда так аныкталган.

WhatsApp Image 2026-06-01 at 13.42.02
"2025-жылдын январында мамлекет тарабынан коргоого муктаж балдар үчүн 550 социалдык кызматкердин штаттык бирдиги киргизилди. Социалдык төлөмдөрдөн тышкары балдарга ар кандай кызматтар көрсөтүлөт. Мисалы, Бишкек шаарында майыптыгы бар балдар үчүн акысыз кызмат көрсөтүүчү реабилитациялык борбор иштеп жатат. Ал жерде балдардын өз алдынча өнүгүүсү жана коомго социалдашуусу үчүн программа ишке ашырылып, ата-энелерге да тарбия ыкмалары үйрөтүлүүдө. Ал эми бирөөнүн кароосуна жана көзөмөлүнө муктаж майыптыгы бар балдар жеке ассистент кызматы менен камсыз кылынып, ай сайын берилүүчү жардамдын өлчөмү 13%га жогорулатылды", – деди эл өкүлү.

Эл өкүлү белгилегендей, парламент эң оболу баланын кызыкчылыгын жана укуктарын коргоо принциптерин жетекчиликке алат. Ар бир мыйзам долбоору каралганда анын балдардын жашоо шарттарына, билим алуусуна, ден соолугуна жана коопсуздугуна тийгизе турган таасири дыкат талданат. Балдардын тең мүмкүнчүлүктөргө ээ болушу, сапаттуу билим алышы жана коопсуз чөйрөдө жашашы негизги артыкчылык болуп эсептелет. Ошондуктан мыйзамдар эл аралык стандарттарга жана улуттук кызыкчылыктарга шайкеш келиши маанилүү.

"Кыргызстанда балдардын укуктарын коргоого багытталган мыйзамдык негиздер жетиштүү деңгээлде түзүлгөн. Конституцияда, Балдар жөнүндө кодексте жана башка мыйзамдарда балдардын негизги укуктары жана кепилдиктери так белгиленген. Ошол эле учурда коомдун өнүгүшүнө жараша жаңы чакырыктар пайда болуп жатат. Айрыкча интернет коопсуздугу, кибербуллинг, балдарга карата зомбулуктун алдын алуу жана социалдык коргоо маселелери мыйзамдарды мындан ары да өркүндөтүүнү талап кылат. Ошондуктан парламент бул багыттагы мыйзамдарды дайыма жаңылап, заман талабына ылайыкташтырып турууга аракет кылууда. Балдарды коргоо — бир гана мыйзамдын эмес, мамлекет менен коомдун биргелешкен жоопкерчилиги", – деди Гүлнара Баатырова.