Кейко Фухимори Перунун президенти катары кызматка киришти

Дүйнө Жүктөлүүдө... 29 Июль 2026 09:25
WhatsApp Image 2026-07-29 at 09.02.55.jpeg
copyright icon WWW

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 29.07.26 /Кабар/. Лима шаарындагы парламентте Перунун жаңы шайланган президенти Кейко Фухиморинин инаугурациясы өттү. Бул тууралуу Интерфакс кабарлады.

Ант берүү аземинде сүйлөгөн сөзүндө президент Кейко Фухимори уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөштү күчөтүү үчүн аскер кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө убада берди. Ошондой эле ал жаза аткаруу системасын реформалап, өлкөдөгү эң төмөнкү эмгек акыны жогорулатуу боюнча иштер жүргүзүлөрүн билдирди.

Кейко Фухимори — оңчул багыттагы саясатчы. Ал ушул жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетип, беш жылдык мөөнөткө өлкө башчысы болуп шайланган. Ал Перунун мурдагы президенти Алберто Фухиморинин кызы.