Бишкек, 23.06.26. /Кабар/. Кегети капчыгайында унаа сууга түшүп, эки бала агып кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 23-июнда Чүй районундагы Кегети капчыгайында жеңил унаа сууга түшүп кеткен. Анын ичинде болгон эки жаш бала Кегети суусуна агып кеткендиги маалымдалды. Жалпысынан жерине издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн 25 куткаруучу тартылды.
Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, изделип жаткан 2014-жылы туулган М.У. аттуу кыздын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Ал эми 2020-жылы туулган М.У. аттуу баланы издөө иштери кызуу уланууда.
Кошумча маалымат берилет.