“Көчмөндөр санаты” фестивалы маданияттар ортосундагы достукту бекемдеди - Мирбек Мамбеталиев

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 19:00
“Көчмөндөр санаты” фестивалы маданияттар ортосундагы достукту бекемдеди - Мирбек Мамбеталиев
copyright icon Кабар

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26 /Кабар/. “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалы дүйнөнүн 38 мамлекетинен келген өнөрпоздорду бириктирип, элдердин салттуу музыкалык мурасын тааныткан жана маданияттар ортосундагы достукту бекемдеген маанилүү эл аралык аянтча болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтүп жаткан “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын жабылыш аземинде билдирди.

Анын айтымында, төрт күнгө созулган фестивалда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүнөн келген өнөрпоздор салттуу музыка өнөрүн тартуулашты.

“Салттуу музыка — элдин тарыхын, дүйнө таанымын жана руханий мурасын муундан муунга жеткирген баа жеткис дөөлөт. Аны сактоо, өнүктүрүү жана келечек муунга өткөрүп берүү — биздин жалпы милдетибиз”, — деди министр.

Ал ошондой эле айтуучулук, аспапчылык өнөр жана аваздык-аспапчылык багыттары боюнча өткөн сынактын жеңүүчүлөрүн жана байге ээлерин куттуктады.

“Жеңишиңиздер кут болсун! Сиздерге жаңы чыгармачылык бийиктиктерди жана чоң ийгиликтерди каалайм”, — деди Мирбек Мамбеталиев.

Министр фестивалды өткөрүүгө салым кошкон калыстар тобуна, катышуучуларга жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип, фестивалды уюштурууга өзгөчө салым кошкон Роза Амановага жана анын командасына да ыраазычылык билдирди.

Ошондой эле чет элдик меймандарга Кыргызстанда өткөргөн күндөрү жакшы эскерүүлөр менен сакталып, өлкөнүн маданияты жана меймандостугу алардын жүрөгүндө жылуу из калтырарына ишеним билдирди.

“Кыргызстан сиздерди ар дайым кайрадан тосуп алууга даяр!” — деди министр.

Сөзүнүн соңунда фестивалдын жабылыш аземи концерттик программа менен улана турганын белгилеп, катышуучуларга чың ден соолук, бакубатчылык жана чыгармачылык ийгиликтерди каалады.