Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылуу аземи шаңдуу өтүп жатат.
Азем кыргызстандык жана чет өлкөлүк эстрада жылдыздарынын концерттик программасы менен коштолууда.
Күйөрмандар ырчылардын аткаруусуна кошулуп ырдап, бийлеп майрамдык маанайга шаң кошуп, иш-чарага өзгөчө көрк берип жатышат.