Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 600дөн ашуун иш-чараны камтыды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 15:25
Көчмөндөр оюндарынын маданий программасы 600дөн ашуун иш-чараны камтыды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын маданий программасынын алкагында 600дөн ашуун иш-чара өткөрүлдү. Алардын катарында концерттер, эл аралык фестивалдар, театрлаштырылган программалар, көргөзмөлөр, мастер-класстар, айтыштар, кароо-сынактар, этномузыкалык долбоорлор жана улуттук каада-салттарды тааныткан иш-чаралар бар.

Бул тууралуу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы боюнча өткөн маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, маданий программанын негизги аянтчалары Кырчын жайлоосу, Чыңгыз Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий-этнографиялык борбору, “Дордой Номад” амфитеатры, Чолпон-Ата шаарындагы ат майданы жана Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борбору болду.

“Кырчын жайлоосундагы “Көчмөндөр ааламы” этномаданий шаарчасында улуттук ордолор, кол өнөрчүлүк, музыка, бий, улуттук ашкана, каада-салттар жана кыргыз боз үйлөрү көрсөтүлдү. 13 республикалык кароо-сынактын алкагында 1331 катышуучу өнөрүн тартуулады.

Ошондой эле 2–4-сентябрда кыргыз жана казак төкмө акындарынын эл аралык айтышы өттү. Анда эки элдин төкмөлүк өнөрү даңазаланды.

Маданий программанын алкагында Кыргызстандын 40 районун бириктирген “Биримдик кербени” улуттук долбоору ишке ашырылды. Ага 1200 адам катышып, 150 чабандес 40 күн бою атчан жол жүрдү. Кербендин негизги символу катары өлкөнүн 40 районундагы ыйык булактардан алынган суу Оюндун жети аянтчасына жеткирилди.

Чолпон-Ата ат майданында “Көчмөндөр жаңырыгы” эл аралык фестивалы өтүп, ага 20 өлкөдөн 21 конкурсант катышты. “Рух Ордодо” уюштурулган “Көчмөндөр санаты” фестивалына дүйнөнүн 38 мамлекетинен өнөрпоздор келди. Ал эми “Дордой Номада” амфитеатрындагы NOMAD FEST музыка, элдик бий, кол өнөрчүлүк жана этномоданы бириктирди.

Мындан тышкары, Орнок айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда алты күндүк Art Lab чыгармачылык лабораториясы өттү. Анын программасына скульптуралар аллеясынын ачылышы, сүрөтчүлөрдүн иши жана графика, керамика боюнча мастер-класстар кирди.

Оюндарды уюштурууга 700 ыктыярчы тартылды. Алардын 658и Кыргызстандан, 42си чет өлкөдөн келишкен. Ыктыярчылар конокторду жана делегацияларды коштоп, навигациялык, маалыматтык жана уюштуруу иштерине көмөк көрсөтүштү.

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн 2 миңге жакын жергиликтүү жана 250гө жакын чет өлкөлүк журналист аккредитациядан өттү. Эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, CNN International, National Geographic, Associated Press жана The Economist сыяктуу басылмалар жана телеканалдар болду”,-деди орун басар.

Аскаралы Мадаминов белгилегендей, маданий программа Кыргызстанды дүйнөгө тарыхый мурасы гана эмес, жандуу жана өнүгүп жаткан маданияты бар өлкө катары таанытууга өбөлгө түздү. Ошондой эле иш-чаралар туристтик кызыгууну арттырып, чыгармачыл адамдарга жана кол өнөрчүлөргө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты.