Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында самбо боюнча мелдеш өтүп, анда кыргызстандык спортчу Феликс Уланбеков чемпион болду. Бул тууралуу самбо боюнча Кыргызстандын башкы машыктыруучусу Азамат Казакбаев билдирди.
Анын айтымында, Уланбеков мелдештин жүрүшүндө Иран, Казакстан жана Өзбекстандын, финалда болсо Беларустун спортчусун жеңип, алтын медалга ээ болгон.
“Мелдешке 20дан ашык мамлекеттен 42 жакын спортчу катышты. Балбандар 64, 79 жана 98 килограммдан жогору салмак категорияларында күч сынашты.
Кыргызстандын атынан үч спортчу катышты. 64 килограмм салмакта Жусуп уулу Кайрат биринчи беттешинде Ирандын өкүлүнө жеңилип, мелдештен четтетилди.
98 килограммдан жогору салмакта Токтогонов Бекболот биринчи беттешинде жеңишке жетип, кийинки кармашта күрөштү уланта алган жок”, -деди ал.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.