Көчмөндөр оюндарында акыл оюндарынын үч түрү боюнча 53 өлкө күч сынашууда

Көчмөндөр оюндары-2026 5 сентябрь 2026 19:15
Көчмөндөр оюндарында акыл оюндарынын үч түрү боюнча 53 өлкө күч сынашууда
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 05.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында акыл оюндарынын үч түрү — кыргыз элинин тогуз коргоол, африкалык овари жана түрк элдеринин мангала оюну боюнча мелдештер өтүп жатат.

Кыргыз курамасынын тогуз коргоол боюнча башкы машыктыруучусу Камчыбек Касымовдун айтымында, бүгүн акыркы турлар уюштурулууда.

“Быйыл 53 өлкөдөн спортчулар катышууда. Бул көрсөткүч буга чейинки Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына салыштырмалуу кыйла өскөн. Салыштырып көрсөк, Казакстанда өткөн оюндарда 41 өлкө катышкан болсо, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында 37, II оюндарда 22, I оюндарда 10 өлкө болгон. Байкап көрсөңүздөр, катышуучулардын саны жылдан жылга көбөйүп жатат.

Негизи биз 66 өлкө келет деп күтүп жатканбыз. Түндүк системасында 66 өлкө аккредитациядан өткөн болчу. Бирок акыркы учурда билеттин кымбаттыгына байланыштуу айрым командалар келе албай калды.

Бардык оюндар швейцариялык система менен өтүп жатат. Тогуз коргоолдо командалар көп болгондуктан 8 оюндан өткөрүлөт. Мангала менен овариде командалар азыраак болгондуктан, 7ден оюн болот.

Бүгүн акыркы оюндар өтүп, алдыда келе жаткан спортчулар аныкталат. Эртең чемпиондорду аныктайбыз. Тогуз коргоол боюнча кыздар арасында да, эркектер арасында да Казакстандын курама командасы биринчи орунда келе жатат.

Овари боюнча Гана, Того, Кыргызстан жана Казакстандын командалары алдыңкы орундарда. Мангала боюнча кыз-келиндер арасында Кыргызстандын курама командасы алдыда болсо, эркектер арасында Казакстандын командасы келе жатат. Ким кайсы орунду ээлери эртеңки финалдык оюндан кийин белгилүү болот. Үч спорттун түрүнө 720 миң сомдон бөлүнгөн. Жалпы суммасы 2 миллион 160 миң сомду түзөт”, — деди Касымов.