Бишкек, 06.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу русурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Ысык-Көл облусуна иш сапары менен барды.
Сапардын алкагында Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдо алдыдагы Көчмөндөр оюндарына даярдык көрүү жана уюштуруу иштерине арналган жыйын өткөрдү.
Ал ат майдандын аянтчасын карап чыгып, негизги жерлерди тандоо боюнча тапшырмаларды берип, катышуучулардын жана көрүүчүлөрдүн коопсуздугун жана ыңгайлуулугун эске алуу менен аларды даярдоо боюнча талаптарды белгиледи.
Иш сапардын жыйынтыгында минкаб төрагасынын орун басары президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана тиешелүү мамлекеттик органдарга мындан аркы иштерди координациялоо жана долбоорлордун өз убагында ишке ашырылышын камсыз кылуу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.