Ысык-Көл, 06.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары ийгиликтүү өтүп, дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүнүн башын бириктирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев оюндардын жабылыш аземинде билдирди.
Анын айтымында, Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 12 жыл мурда Ысык-Көлдө башталып, убакыттын өтүшү менен Түркия жана Казакстанда уланып, дүйнөлүк маданий-спорттук феноменге айланды.
“Бүгүн ал өз мекенине мурдагыдан да чоң масштабда кайтып келип, дүйнөнүн 100дөн ашуун мамлекетинин башын бириктирди. Дүйнөлүк коомчулукта бул оюндарга чоң кызыгуу пайда болуп, эл аралык уюмдардын, дүйнөлүк спорт жана маданият коомчулугунун, жалпы маалымат каражаттарынын көңүлү Кыргызстанга бурулду.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Олимпиада жана футбол боюнча дүйнө чемпионаты сыяктуу ири спорттук окуяларга теңелгидей деңгээлге жетти.
Дүйнөлүк спорт жана маданият мейкиндигинде жаңы чоң күч пайда болду. Анын аты — Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары.
Оюндар спорттук мелдештер менен гана чектелбестен, көчмөн цивилизациясынын тарыхын, маданиятын, мамлекеттүүлүгүн жана дүйнө таанымын изилдеген чоң интеллектуалдык аянтчага да айланды.
Ошондой эле Кырчын жайлоосунда көчмөндөрдүн маданий мурасы кеңири көрсөтүлүп, улуттук кол өнөрчүлүк, сайма-чийме, кийим-кече жана каада-салттар заманбап мүмкүнчүлүктөр менен айкалышып жатты.
Бул — өткөндү кайталоо эмес, өткөндөн күч алып, жаңысын жаратуу”,-деди төрага.
Мындан тышкары, ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы белгиленип жаткан тарыхый мезгилде өтүп, өлкөнүн күчүн жана потенциалын дүйнөгө көрсөткөнүн белгиледи.
Анын айтымында, оюндарды жана Шанхай кызматташтык уюмунун саммитин өткөрүүгө даярдык көрүү алкагында Бишкек шаары, Ысык-Көлдүн жээги жана иш-чаралар өткөн аймактар жаңыланып, жолдор оңдолуп, жаңы коомдук мейкиндиктер жана заманбап объектилер курулду.
Касымалиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары менен ШКУ саммити бир мезгилде өтүп, Кыргызстанды эл аралык коомчулуктун көңүл борборуна чыгарганын белгиледи.
“Бир аянтчада мамлекет лидерлери кызматташтыктын жолун талкууласа, экинчи аянтчада дүйнө элдери маданий дипломатия аркылуу жакындашты. Бул эки чоң окуяны бириктирген улуу баалуулуктар — тынчтык жана достук.
Оюндардын ийгиликтүү өтүшүнө салым кошкон спортчуларга, машыктыруучуларга, калыстарга, өнөрпоздорго, окумуштууларга, ыктыярчыларга, мамлекеттик жана жергиликтүү органдарга, коопсуздук, медицина, транспорт, энергетика жана коммуналдык кызматтардын өкүлдөрүнө, ошондой эле демөөрчүлөргө жана жалпыга маалымдоо каражаттарына ыраазычылык билдирем.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын тарыхында дагы бир унутулгус барак болуп калганын белгилеп, кийинки оюндар Россиянын Татарстан Республикасында өтөт.
Улуу көч уланат! Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жолу тоодон тоого, элден элге, муундан муунга өтө берсин! Ынтымак жана эл достугу түбөлүктүү болсун!” — деди Адылбек Касымалиев.