Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын аброюн арттырды

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 17:20
Көчмөндөр оюндары Кыргызстандын аброюн арттырды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Көчмөндөр оюндары Кыргызстанды дүйнөгө таанытып, өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрүүгө чоң мүмкүнчүлүк түздү. Бул тууралуу Кыргызстан аксакалдар кеңешинин төрагасы Өмүрбек Үмөталиев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, ал Көчмөндөр оюндарына негизделгенден бери катышып келет. Ошондой эле кыргыз күрөшү улуттук спорттун гана эмес, кыргыз элинин тарыхы менен маданиятынын ажырагыс бөлүгү экенин белгиледи.

Кыргыз күрөшү кыргыз элинин канында бар экендигин айтып, буга Кожомкул балбанды, Олимпиада чемпиону Каныбек Осмоналиевди мисал келтирди.

“Бишкек арена ачылганда ал жерде 14 президент катышты, 100дөн ашык мамлекеттин өкүлдөрү келди. Арена көлөмү жана сыйымдуулугу жагынан Борбор Азиядагы эң ири стадиондордун бири болуп, 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган экен. Ачылыш аземи абдан жогорку деңгээлде өттү. Көчмөндөр оюндары аркылуу Кыргызстанды дүйнөгө тааныттык десек болот. БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга жогору баа берип, “Кыргызстан илбирстин секиригин жасады” деп айтты. Бул — дүйнө коомчулугу Кыргызстанга кандай баа берип жатканын көрсөтөт. Мунун баары мамлекет башчыбыз Садыр Жапаровдун командасы менен жасалган чоң эмгек. Муну менен элибиз сыймыктанышы керек.

Көчмөндөр оюндарынын маданий программасына да катыштым. Ал жерде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана министрлер келишти. Иш-чаралар абдан жогорку деңгээлде уюштурулду. Мен 2014-жылдагы Көчмөндөр оюндарынын ачылышына да катышкам. Бул жолкусу таптакыр башкача болду. Кыргызстан дүйнөгө өзүнүн маданиятын, тарыхын жана мүмкүнчүлүгүн көрсөтүп, цивилизациянын туу чокусун көрсөттү десек болот”, — деди Өмүрбек Үмөталиев.