Көчмөндөр оюндары: Кырчында 15 өлкөнүн балбандары кол күрөштө күч сынашууда

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 15:05
79e633e6-59ba-43c3-ba1c-d79bd6e141d4.jpeg
e8e72168-3be8-41ee-892d-77130775b0d5.jpeg
44c831cd-8a3a-492b-956d-26b8d1e36880.jpeg
6d8bbd28-82af-4b93-b9ae-f09a76582cae.jpeg
4c009964-91db-4186-9766-792e92b028fa.jpeg
6a30417a-76a5-466d-aead-f791674bdc16.jpeg
131e6d98-d3f7-446a-a11c-3c70b7a26435.jpeg
986a46e5-f1e9-4f96-b88b-e067027e97a0.jpeg
00210883-bd3e-4d4e-b344-33772ca72991.jpeg
Алдыга
Артка

copyright icon Кабар

Бишкек, 03.09.26. /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда кол күрөш боюнча мелдештер кызуу өтүп жатат.

Кыргыз кол күрөш улуттук федерациясынын президенти Толкунбек Исаковдун айтымында, мелдешке 15 мамлекеттен 70ке жакын спортчу катышып, өз күчүн сынашууда.

”Эркектер арасында төрт салмак категориясында, ал эми аялдар арасында эки категория боюнча мелдештер өтүүдө. Учурда финал алдындагы беттештер жүрүп, мелдеш абдан кызыктуу жана атаандаштыкка бай өтүүдө”, — деди Толкунбек Исаков.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.