BBC, CNN , The New York Times: Көчмөндөр оюндарын чет элдик 250 журналист чагылдырды

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 16:00
BBC, CNN , The New York Times: Көчмөндөр оюндарын чет элдик 250 журналист чагылдырды
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 06.09.26. /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын чагылдыруу үчүн чет өлкөлөрдөн 250гө жакын журналист келди. Бул тууралуу оюндардын жыйынтыгы боюнча өтүп жаткан маалымат жыйынында маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Аскаралы Мадаминов билдирди.

Анын айтымында, эл аралык медиалардын арасында BBC, Euronews, Agence France-Presse, TRT AVAZ, I.R.I.B NEWS, The New York Times, CNN International, National Geographic, Associated Press жана The Economist сыяктуу белгилүү маалымат каражаттары болду.

"Чет өлкөлүк журналисттер оюндардын спорттук бөлүгү менен катар Кыргызстандын тарыхына, маданиятына, улуттук спорт түрлөрүнө, салт-санаасына жана туристтик мүмкүнчүлүктөрүнө да кызыгуу көрсөтүштү. Алардын материалдары Кыргызстанды эл аралык маалымат мейкиндигинде кеңири таанытууга өбөлгө түздү”, — деди Аскаралы Мадаминов.