Көчмөндөр оюндары дүйнө үчүн мааниси чоң иш-чарага айланды – Азамат Жаманкулов

Көчмөндөр оюндары-2026 6 сентябрь 2026 19:30
Көчмөндөр оюндары дүйнө үчүн мааниси чоң иш-чарага айланды – Азамат Жаманкулов
copyright icon Кабар

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 06.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл өзгөчө жогорку деңгээлде өтүп, дүйнөлүк аренадагы маанилүү иш-чаралардын бирине айланды. Бул тууралуу аталган оюндардын жабылуу аземинде “Кабар” агенттигине туризм тармагы боюнча адис Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, 2014-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан Көчмөндөр оюндары жылдан-жылга масштабын кеңейтип, уюштуруучулук деңгээлин жогорулатып келет. Быйылкы оюндарга 100дөн ашык мамлекеттин өкүлдөрүнүн келиши буга далил.

“Көчмөндөр оюндары негизинен мыкты өтүп жатат. Спорттук жана маданий иш-чаралар, ошондой эле ачылуу жана жабылуу аземдери жогорку деңгээлде уюштурулду.

Биз өзүбүз ага баа бере албасак дагы, келген чет элдиктер, дүйнө жүзү бүгүнкү күндө баа берип жатат. Өзүңүздөр да байкап жатсаңыздар керек.

Азыр мен чоң мамлекеттердин эмес, кичи мамлекеттердин өкүлдөрү менен сүйлөшүп жатам. Алардын ар бири: “Сиздерге билинбегени менен, биз үчүн, кичи мамлекеттер үчүн маданиятыбыздын ушул деңгээлге көтөрүлүшү, ушундай аренага чыгышы жана бизге ушундай мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканы абдан маанилүү. Бул багытта Кыргызстан чоң роль ойноп жатат”, деп айтып жатышат.

Ошондуктан, мен ойлойм, дүйнө үчүн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын салымы жана орду бүгүнкү күндө абдан чоң”, — деди Азамат Жаманкулов.