Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы көк бөрү аренасында көкпар оюну башталды.
Учурда Кыргызстан менен Өзбекстан курамасы беттешүүгө чыкты.
Белгилей кетсек, күн мурун көкпар оюну башталып, төмөнкүдөй жыйынтыктар катталган:
* Кыргызстан 12 – Монголия 1;
* Россия 11 – Венгрия 1;
* Өзбекстан 4 – Афганистан 1.
Оюндун жыйынтыгы боюнча Кыргызстан, Россия жана Өзбекстан курамалары жеңишке жетишкен.
Эскертке кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.