“Бишкек Аренада” дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өтүп жатат - көрүүчү — Кабар

“Бишкек Аренада” дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өтүп жатат - көрүүчү

Көчмөндөр оюндары-2026 31 август 2026 20:06
54869f56-30ff-465f-b63c-a129691652e0.jpeg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Бишкек, 31.08.26 /Кабар/. Бүгүн борбор калаада “Бишкек Арена” стадионунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өтүп жатат.

Аземге келген көрүүчүлөрдүн бири иш-чара тууралуу өз пикирин билдирип, анын Кыргызстан үчүн маанилүү экенин белгиледи.

”Бүгүн “Бишкек Арена” стадионунда дүйнөлүк деңгээлдеги иш-чара өтүп жатат. Кыргызстанды алдыга сүрөгөн иш-чаралардын бири деп ойлойм. Кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!”, — деген оюн билдирди ал.