Көчмөндөр оюндары: бүгүнкү иш-чаралардын тизмеси

Көчмөндөр оюндары-2026 3 сентябрь 2026 09:00
Көчмөндөр оюндары: бүгүнкү иш-чаралардын тизмеси

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Ысык-Көл, 03.09.26 /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бир катар спорттук, маданий жана илимий иш-чаралар өтөт.

Кырчын жайлоосунда:

* “Биримдик кербени” оюн-зоок программасы;

* “Көчмөн кайрык” этно-ыр, “Бий ыргаак” этно-архаикалык бий жана “Саркеч” салттуу кийимдер сынактары;

* “Шамдагайлар” боз үйдү ылдамдыкта тигүү жана кыз-келиндер арасында боз үйдү тез чечүү жана жыйноо сынактары;

* “Кыз-жигит Сармедден” эл аралык оюн-зоок программасы;

* кыргыз-казак төкмө акындарынын “Ырчылардын бир эрөөлү” айтышынын жарым финалы;

* “Башат” чыгармачылык программасы жана байыркы кыргыз жоокеринин согуштук зоот-кийимдеринин илимий-тарыхый реконструкциясынын бет ачары;

* “Көчмөндөр ааламы” этно-базарындагы маданий программа, кол өнөрчүлөрдүн чебер-класстары жана концерттер;

* “Шамал-фест”;

* “Алтын Казык” жылдыздар дүйнөсү программасы;

* “Кереметтүү космос” лекциясы;

* кыргыз элинин асман кубулуштары жөнүндөгү элдик билими жана кыргыз календарынын астрономиялык негиздери боюнча кичи-лекция;

* жылдыздуу асманды телескоп аркылуу байкоо.

Ч. Айтматов атындагы “Рух Ордо” маданий борборунда:

* “Көчмөндөр санаты” эл аралык салттуу музыка фестивалынын “Күү күнү” программасы;

* “Нарк өнөр” мектебинин көргөзмөлөрү жана чебер-класстары;

* “Көчмөн шаңы” концерттик программасы;

* салттуу музыка алып жүрүүчүлөрдүн концерти;

* “Көчмөндөр оюндары” тууралуу кыска метраждуу тасмалар сериясынын бет ачары;

* аспапчылык боюнча сынак;

* чет элдик музыканттардын аткаруулары жана чыгармачылык жолугушуулар.

Чолпон-Ата шаарындагы Көк бөрү аренасында:

* көкпар боюнча мелдеш;

* эр эңиш боюнча мелдеш;

* көк бөрү боюнча мелдеш.

“Дордой-Номад” комплексинде:

* “Номад Фест” эл аралык музыкалык-этнографиялык фестивалы;

* “Этнобий”, “Этномода”, “Көчмөн жылдыздары” сынактары;

* “Этномода” шоусу жана фотосессия;

* “УстатШакирт” фольклордук-этнографиялык ансамблинин программасы;

* “Кыл_Арт.KG” кыл кыякчылар ансамблинин чыгышы;

* “Аралаш” импровизациялык театрынын программасы;

* кыргыз жана чет өлкөлүк кол өнөрчүлөрдүн жана сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин этно-көргөзмөсү;

* терме, ат жабдыктарын жасоо, темирге көркөм чегүү, керамика жана суу бетине сүрөт тартуу боюнча чебер-класстар.

Курманжан датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда:

* “Көчмөн цивилизациялар: мурас, парадигмалар жана келечек” аттуу эл аралык илимий конференция;

* “Арт-Лаб” чыгармачылык программасы.

“Евразия” мейманканасында:

* овари боюнча мелдеш;

* мангала боюнча мелдеш;

* тогуз коргоол боюнча мелдеш.

“Газпром” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде кыргыз күрөшү жана самбо боюнча мелдештер өтөт.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Арена" стадионунда орун алды. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.

"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.

"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.