Ысык-Көл, 04.09.26. /Кабар/. Бүгүн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында "Газпром" дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде казак күрөшү, гюлеш, нуштини милли камарбанди жана хапсагай күрөшү боюнча мелдештер өтүп жатат.
Белгилей кетсек, казак күрөшү боюнча мелдеште кыргызстандык балбан Орозбек Алмаз уулу бардык атаандаштарын жеңип, алтын медаль тагынды. Ал финалдык беттеште Казакстандын балбаны Нурдаулет Жарылгапов менен күч сынашты.
Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтүүдө. Ачылыш аземи 31-августта борбор калаадагы "Бишкек Аренада" өттү. 1-сентябрдан 6-сентябрга чейин оюндар Ысык-Көл облусунда өткөрүлүп, ага 109 өлкөдөн 3000ден ашуун спортчу катышууда.
"Кабар" маалымат агенттиги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Эл аралык маалыматтык өнөктөшү катары дүйнө көчмөн элдеринин мурасын сактоого жана даңазалоого багытталган ири этномаданий жана спорттук иш-чараны ыкчам жана көп тилдүү маалыматтык чагылдырууну камсыз кылат.
"Кабар" 1937-жылы негизделген Кыргызстандын алгачкы маалымат агенттиги. Агенттик кыргыз, орус, англис, араб, түрк жана кытай тилдеринде жаңылыктарды таратып, Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды чагылдырат.