Кереметтүү Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде – Бөкөнбаев айылында ачык асман алдында “Салбуурун” этнофестивалы болуп өттү. Анда мергенчилик, канаттуулар (бүркүттөр), тайгандар жана кыргыз жылкы породалары көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргыз күрөш, Кыз куумай, Тайган жарыш жана башка улуттук оюндар да көрсөтүлдү. Айрыкча көрүүчүлөрдү таң калтырган көрүнүш бүркүтчүлөрдүн тайган жана бүркүттөр менен аңчылык кылуусу, жаа аткандардын таймашы жана ат үстүндө оюн көрсөтүүсү болду.
Фестиваль өлкөдө экинчи жолу кеңири масштабда өтүп, дүйнөнүн төрт бурчунан этниканы сүйүүчүлөрдү чогултууда. Көчмөндөрдүн байыркы дүйнөсү менен таанышып, көчмөн цивилизациясынын рухун сезүү үчүн туристтер Европа өлкөлөрүнөн келишкен. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, “Travel Experts” туристтик компаниясынын жетекчиси Сергей Глуховеров “Кабар” агенттигине бул маданий иш-чаранын Кыргызстандын турмушундагы өзгөчөлүгү тууралуу айтып берди.

— Сергей, алгач “Салбуурун” фестивалы тууралуу кененирээк айтып берсеңиз?
— Фестивалды 2006-жылы түзүлгөн Салбуурун федерациясы уюштурууда. Фестивалда улуттук оюндар, спорт, музыка, каада-салттар аркылуу келген конокторго кыргыз элинин маданияты, каада-салты көрсөтүлөт. Салбуурун – бул кыргыздын аңчылык өнөрү болуп, ал негизинен үч негизги багытты камтыйт: бүркүт менен аң уулоо, тайган менен аңчылык кылуу жана жаа атуу. Бул этно-үч түрлүү таймаш десек болот. 2012-жылы салбуурун расмий улуттук спорттун түрү катары таанылып, 2016-жылы Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын программасына киргизилген.
Көп жылдан бери федерация Кыргызстандын бардык аймактарында ар түрдүү мелдештерди өткөрүп келет, ал эми мыктылары кийин эл аралык мелдештерге катышып, Кыргызстанды эл аралык аренада таанытып келишет.

— Бул фестивалды түзүү идеясы кантип пайда болду?
— Мындан эки жыл мурун федерациянын негиздөөчүсү Алмаз Акуновго жолугуп, Бөкөнбаев айылында өткөн фестивалын көрүп, абдан таасирлендим. Мен ага бул мелдешти дүйнөнүн төрт бурчунан келген туристтер да көрүшү үчүн бул иш-чараны кеңейтүүнү сунуштадым. Анткени, ал кезде коноктордун көбү жергиликтүү тургундар, федерация мүчөлөрүнүн достору жана тааныштары эле.
Алмазбек Акунов бул иш-чараны туруктуу иш-чарага айлантууга макулдук берди, биз болсо дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген туристтик компаниялар жана туристтер келечекте өз маршруттарын алдын ала пландап алышы үчүн аны жыл сайын өткөрүүнү чечтик. Биз бул фестиваль Кыргызстанда жыл сайын август айынын биринчи ишембисинде дал ушул жерде өтөөрүн белгиледик, андыктан адамдар алдын ала билип, эс алуусун ошол күнгө пландап келе алышат.
Былтыр биз фестивалды биринчи жолу туристтер үчүн кеңири масштабда өткөргөнүбүздө 70ке жакын чет элдик, анын ичинде жергиликтүү тургундар да чогулган. Быйыл 270 турист келди, башкача айтканда төрт эсе көп турист келди. Биз коноктордун арасында сурамжылоо жүргүзүп көрдүк. Сурамжылоодо келген коноктордун көбү фестиваль тууралуу алдын ала билишкени белгилүү болду. Алар фестивалды интернеттен көрүп, атайын өздөрүнүн авиа билеттерин алдын ала алышып, Кыргызстанга туристтик сапарын дал ушул күнгө пландаштырышкан.

— Иш-чаранын максаттары кандай?
— Салбуурундун үч максаты бар: каада-салтты жана маданиятты сактоо, этноспортту өнүктүрүү жана Кыргызстандын туризмин өнүктүрүүгө салым кошуу.
— Эмнеси менен өзгөчөлөнөт?
— Биздин максат сапаттуу сүрөттөр, пикирлер, макалалар, фото жана видеорепортаждар аркылуу Кыргызстан канчалык уникалдуу жана кызыктуу экенин бүт дүйнөгө көрсөтүү менен туристтердин агымын өстүрүү. Ошондо гана мергендер өз өнөрүн таштап, чет мамлекеттерге акча тапканы кетпестен, үй-бүлөсүнүн жанында калып, өз хоббисинен ырахат жана киреше алышып, элинин салт-санаасын сактап калышат.
Мындан тышкары, Кыргызстанга этноспорт, этно оюндар жана байыркы көчмөндөрдүн маданиятына кызыккан туристтердин агымы көбөймөк. Бул Салбуурун федерациясынын дагы уникалдуу туристтик продуктуларды жайылтышына түрткү болмок. Бул жөн эле “тоо менен көл” эмес – андай нерсе көп мамлекеттерде бар. Бизде болсо “тоо жана жанында боз үй”, “көл жана жанында бүркүтчү”, “дөңсө жана жанында чуркаган тайган”, “капчыгайдын жанында жаа атуу” мындай нерсе дүйнөдө өтө аз. Бул Кыргызстанды өзгөчө, уникалдуу өлкө катары таанытат.

— Туристтер кайсы өлкөлөрдөн келишти?
— Коноктор дүйнөнүн бардык бурчунан – Европадан, Австралиядан, АКШдан, Япониядан, Бразилиядан жана башка өлкөлөрдөн келишкен.

— Чет элдик туристтерге бул иш-чаранын эмнеси көбүрөөк жакты?
— Бул ирет конокторго бүркүтчүлөрдүн жана чабандардын оюну абдан жакты. Баары эле жаа атуучулардын жана музыканттардын чеберчилигин суктануу менен көрүп жатышты. Ал эми салбуурунчулар дүйнөнүн көп жерин кыдырып көргөн коноктордун суктануу менен көрүп жаткандарынан эргүү жана дем алышты. Ошондуктан эки тарап тең энергияга жана позитивге толуп, баары биргелешкен сүрөткө түшүү жана таанышуу менен аяктады.
Биз бул фестиваль жыл сайын дагы көп туристтерди тартып, Кыргызстандын бренддеринин бири болуп каларына ишенебиз. “Кыргызстан” дегенде адамдар дароо ушул укмуштуу “Салбуурун” фестивалы тууралуу эскеришет деген үмүттөбүз.