Көчмөн ата-бабаларыбыздан аманат калган олжо – ак калпак

Коом Загрузка... 05 Март 2026 18:25
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Данияр Исанов

Бардык материалдар

Ак калпак – кыргыздын канын дүргүтүп, өзүндө катылуу жаткан касиетин ойгото турчу таберик мурас. Күнүмдүк турмушта болобу, чоң салтанаттардабы же азалуу күндөбү айтор, ак калпак кийген эр азамат – өзүнүн ички дүйнөсүндө билинип-билинбей от жанып, жигиттик мүнөзгө эмне таандык болсо ошого ык алат. Ак калпак – ар намысты бийик коюуга, кылымдар бою келе жаткан улуттук өзгөчөлүктөргө астейдил көз чаптырууга, өзөгүбүзгө тик багууга түрткү берет. Башка элдерден айырмалап таасын көрсөткөн ак калпактын сыры да, сүрү да – дал ушунда!

* * *

Эң жупуну, кудум элибиз сындуу эң жөнөкөй көрүнгөн бу баш кийимди кандай эне ойлоп таап, ага улуттук философияны кошо чөгөрүп туруп, күч-кубатка ээ кылчу касиеттери менен бирге бизге энчилеп берген деп таң калам. Себеби, ак калпакты башына кийген кыргыз алгач өзүнүн ким экенин эстеп, кайсыл элден болом, кандай болушум кажет деп өзүнө собол таштайт.

Калпакты кийген кыргыздын баскан басыгы, жүрүм-туруму, жасаган иши менен сүйлөгөн сөзү шайкеш болушу шарт. Дал ушуну эске алган кыргыз эне уулун тарбиялап чоңойтуп жатканда турмушта туу көтөргөн эр-азамат болсун деген изги тилекте башына ак калпакты кийгизип, анан Мекенди коргоого, туш келген түйшүктү тайсалдабай жеңүүгө чакырык салган.

* * *

Чындыгында ак калпактын ыйыктыгын ушундан билиңиз, аны башына кийген кыргыз чыныгы мырза деген атка татыктуу болууга умтулат. Анын укмуштай бир сырдуу күчү бардай...

Кыргыз калпакты жамандыкта гана кийбестен, күнүмдүк турмушта кеңири колдонуп, мейли боздогон бороонбу, же көнөктөп төккөн жамгырбы, же болбосо так төбөдөн мээ кайнаткан жайкы ысык аптапта болобу, баштан түшүрбөй кийип, өзүнүн кайсыл элден экенин ачык айгинелеп, көкүрөк толо сыймыгы арткан. Баскынчы душмандарга каршы эл-журтун коргойм деген эр көкүрөк жигиттер ат үстүндө "Манас!" деп ураан чакырып, колуна кылыч кармай жапырт аттанган кезде да, ушул ак калпак душмандарына айбат көрсөткөн касиетке эгедер болгону анык.

WhatsApp Image 2026-03-05 at 17.54.24.jpeg

* * *

Миңдеген жылдар бою жыйган турмуштук тажрыйбасы, ички духу, өзгөчө кубаты Манасында болсо, сүйүүсү, арманы, мүдөөсү комузунда. Ал эми көзү көргөн ар бир көрүнүшкө аяр карап, чыныгы жигиттик мүнөздү бойго таратчу күнүмдүк урунган буюму – ак калпагында катылган. Калпакты кийген эркек – эл-журтуна кайдыгер карабаган адам болуусу абзел.

Тетири мүнөзгө ээ, акылы тайкы адамдын башына ак калпак эзели жарашпайт.

Элестетип көрүңүзчү, байыртан бери бапестеп сактап, муундан-муунга жеткирип келаткан ыйык баш кийимдин оозунан ак ит кирип, кара ит чыкканын, же журтуна кас чыгып жулунганын, же көчөдө ылайда калпакчан мас оонап жатканын!? Мындай терс адаттарды боюна жууткан кемпайга ак калпак жарашпай, тарыхы бай мүлдө кыргызга доо кетирет. Аброю айрандай төгүлөт...

Анан калса азыркы тапта ак калпактын түсүн ой келди өзгөртүшүп, анысын кыргызга жаңылык ачкандай жар сала жасап киришти. Эми көчөдө бири жапжашыл, бири капкара, бири күрөң түстөгү калпак кийип жүрүшкөндөрүн көрүп, же эч кандай кыюусу жок, формасы калпак эмес эле чөмүчтү элестеткен бир катар калпактарды көрүп алып көөн ооруйт. Бул эмне? Же атайы алыстан кыргыздын улуттук эс-тутумуна тымызын жасалып жаткан диверсиябы, айтор түшүнө албайсың!?

WhatsApp Image 2026-03-05 at 17.56.04.jpeg

* * *

Ак калпак – жөн гана баш кийим эмес, улуттун уңгусун, тарыхын жана нарк-насилин камтыган ыйык белги. Ак калпак кыргыз эр-азаматынын жүзүн жарык кылчу асылдыктын символу. Ошол үчүн ак калпактын түсү тегин жерден ак түстө болбогон чыгар.

Ак түс – кыргызда эзелтен эмгекчилдиктин, адилеттүүлүктүн, тазалыктын белгиси!

* * *

Ак кийизден жасалган ак калпактын төрт кырдуу болуп тигилиши – төгөрөктүн төрт бурчун билдирип, адам баласынын аалам менен тыгыз алакада экенинен кабар берет. Ал эми анын бийик формасы асман тиреген – Ала-Тоо.

* * *

Ак калпак – улуттук аң-сезимдин тирүү белгиси!

Аны бапестеп кийип, башыбыздан түшүрбөй барктоо – өтмүшүбүздү унутта калтырбай, улуттук жүзүбүздү сактоо дегендикке жатат. Мен, атайы бул багытта адис болбогон соң ак калпактын түрлөрүнө, жаш курагына жараша жасалгандарына токтолгон жокмун.

Бар болгону, жөн гана элимди сүйүп, эзелкибизди унутпай келечек тууралуу түйшөлө алган кыргыз катары ой-толгоомду учкай сундум. Оюмду жыйынтыктап жатып, тамыры тереңде катылган кыргыздын башынан ак калпагы түшпөй, Ата Журт кылымдар бою аман сакталсын деген ак тилегимди айткым келет.