Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келди

Президент 1150 21 Август 2025 19:00
DOS_7434.JPG
DOS_7161.JPG
DOS_7153.jpg
DOS_7474.jpg
DOS_7473.JPG
DOS_7209.JPG
DOS_7208.jpg
DOS_7538.JPG
DOS_7637.JPG
DOS_7150.JPG
DOS_7162.JPG
DOS_7152.JPG
DOS_7163.JPG
DOS_7205.JPG
DOS_7206.jpg
DOS_7435.jpg
DOS_7475.jpg
Алдыга
Артка
DOS_7434.JPG
DOS_7161.JPG
DOS_7153.jpg
DOS_7474.jpg
DOS_7473.JPG
DOS_7209.JPG
DOS_7208.jpg
DOS_7538.JPG
DOS_7637.JPG
DOS_7150.JPG
DOS_7162.JPG
DOS_7152.JPG
DOS_7163.JPG
DOS_7205.JPG
DOS_7206.jpg
DOS_7435.jpg
DOS_7475.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 21.08.25. /Кабар/. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келди.

«Манас» эл аралык аэропортунан Казакстандын лидерин Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров тосуп алды.

Флагштокторго эки өлкөнүн туулары илинип, килем төшөлүп, улуттук боз үй түрүндөгү инсталляция орнотулуп, ардактуу кароол тизилген.

Улуттук кийимчен кыздар Касым-Жомарт Токаев менен саламдашып, ага гүл жана боорсок менен бал сунушту.

Мамлекет башчылары үчүн кыргыз жана казак музыкалык чыгармаларын аткарган кыргыз артисттеринин катышуусунда концерттик программа уюштурулган.

Жогорку даражалуу мейманды ошондой эле кыргыз элинин бай маданий мурасын чагылдырган улуттук каада-салттарга ылайык тосуп алышты.