Казакстанда жол кырсыгынан эки кыргызстандык каза болду

Кырсык 155 20 Август 2026 10:40
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 20.08.26. /Кабар/. 17-августта Казакстандын Караганда облусунун Шет районунун аймагында Кыргызстандын жарандарынын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталган. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен И.А.А. аттуу 1966-жылы туулган кыргыз жараны жаракат алып, Шет райондук ооруканасына жаткырылган. Учурда ал аталган медициналык мекемеде дарыланууда. Ал эми 1963-жылы туулган И.Г.В. жана 1974-жылы туулган Е.Е.Ю. аттуу Кыргызстандын дагы эки жараны алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болушкан. Маркумдардын жакын туугандары алардын сөөгүн Кыргызстанга алып кетүү үчүн алып чыгышкан.

Аталган факты боюнча Казакстандын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Окуя тууралуу маалымат түшкөн учурдан тартып Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги каза болгондордун жана жабыркаган жарандын жакын туугандары, медициналык мекеме, ошондой эле Казакстандын компетенттүү органдары менен байланышта болуп, зарыл болгон консулдук-укуктук көмөк көрсөтүүдө.

Маселе министрликтин жана элчиликтин көзөмөлүндө.