Казакстанда бир үй-бүлө газга ууланып каза болду

Борбор Азия Загрузка... 03 Март 2025 16:40
WhatsApp Image 2025-03-03 at 13.35.41.jpeg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 03.03.25. /Кабар/. Казакстандын Мангистау облусунда бир үй-бүлө газга ууланып каза болду.

Tengrinews маалымдагандай, 2-мартта Баскудук айылындагы жеке турак жайдан адамдардын ууланган учуру катталган. Жерине куткаруучулар жана тез жардам бригадасы келгенде үйдөн 7 кишинин сөөгүн табышкан. Алардын бешөө жашы жете элек балдар болгон.

Мангистау облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин алдын ала маалыматтары боюнча, каргашалуу окуя газ жабдыктарын колдонуу эрежелеринин бузгандыгынан келип чыккан. Каза тапкандар Өзбекстандын Казакстанда убактылуу жашаган жарандары экени такталды.

Газга уулануунун себебин иликтөө үчүн комиссия түзүлгөндүгү белгилүү болду