Бишкек, 07.06.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын жеңил өнөр жай тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.
Куттуктоо сөзүндө минкаб башчысы тигүү өндүрүшү 90%дан ашыгын түзгөн жеңил өнөр жайы өлкө экономикасынын маанилүү тармактарынын бири болуп саналарын белгиледи.
"Бүгүнкү күндө жеңил өнөр жайы өлкөнүн өнүгүшүндө негизги ролду ойноп, калкты жумуш менен камсыз кылуунун маанилүү фактору жана өлкөнүн калкынын олуттуу бөлүгүнүн кирешесинин булагы болуп калды", - деди Касымалиев.