Касымалиев Жалал-Абад облусундагы курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты

Министрлер кабинети 07 Август 2025 16:50
68947f4c4f815-thumb.jpeg
68947f6bc2b9c-thumb.jpeg
68947f9f1b479-thumb.jpeg
68947f5224f17-thumb.jpeg
68947f6583ac9-thumb.jpeg
68947f9583d3c-thumb.jpeg
68947f95115d9-thumb.jpeg
68947fa5aecc1-thumb.jpeg
68947fbc075c6-thumb.jpeg
68947fbd02aaa-thumb.jpeg
68947fbd5feb2-thumb.jpeg
68947fbdcf809-thumb.jpeg
68947fbe79de0-thumb.jpeg
68947fc52630e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68947f4c4f815-thumb.jpeg
68947f6bc2b9c-thumb.jpeg
68947f9f1b479-thumb.jpeg
68947f5224f17-thumb.jpeg
68947f6583ac9-thumb.jpeg
68947f9583d3c-thumb.jpeg
68947f95115d9-thumb.jpeg
68947fa5aecc1-thumb.jpeg
68947fbc075c6-thumb.jpeg
68947fbd02aaa-thumb.jpeg
68947fbd5feb2-thumb.jpeg
68947fbdcf809-thumb.jpeg
68947fbe79de0-thumb.jpeg
68947fc52630e-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.08.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында бир катар курулуш объекттеринде жүрүп жаткан иштер менен таанышты. 

Алгач Адылбек Касымалиев президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын имаратын куруудагы иштерден кабар алды. 

Жалпы 5 блоктон турган имаратты куруу иштери өткөн жылдын августунда башталып жакында бүткөрүү пландалууда. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын Турукташтыруу фондунан 1 млрд 650 млн сом бөлүнгөн. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иш жүргүзүүсү үчүн бардык заманбап ыңгайлуу шарты менен курулуп жаткан административдик имаратта учурда кабинеттерди техникалык жабдыктар менен жабдуу, жалпысынан көрктөндүрүү-жашылдандыруу иштери жүрүүдө. 

Андан соң, минкаб төрагасы Сузак районунда курулуп жаткан Н. Алыкулов атындагы № 71 жалпы билим берүүчү мектебине барды. Жалпы 750 орундуу мектепти курууга республикалык бюджеттен 451 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Курулуш иштеринин 85%зы аяктап калган мектепте учурда ички бөлмөлөр, спорт залынын полу, актоо-сырдоо иштери аткарылууда.

Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб Төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана планга киргизилген объекттерди өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.