Касымалиев: Жакынкы жылдары энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнү көздөп жатабыз

Министрлер кабинети Загрузка... 18 Декабрь 2025 23:40
img_20231213_121152_372.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 18.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев телеканалдарга берген эксклюзивдүү маегинде өлкөдөгү энергетикалык абал, тартыштыкты жоюу жана жаңы долбоорлор тууралуу маанилүү маалыматтар менен бөлүштү.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда электр энергиясына болгон муктаждык өндүрүштөн ашып кеткен, башкача айтканда жылдык керектөө 18,9 млрд кВт-саатты түзөт.

"Анын ичинен 14 млрд кВт-саатты өзүбүз өндүрсөк, жетишпеген 4,3 млрд кВт-саат электр энергиясын сырттан сатып алуудабыз", - деди ал.

Ал учурда өлкөнүн гидроэнергетикалык потенциалы толук колдонулбай жатканын белгиледи.

"Кыргызстан өзүнүн гидроэнергетикалык потенциалынын 10 пайызын гана колдонот. Учурда чакан, орто жана ири ГЭСтерди куруу боюнча активдүү иштер жүрүүдө. Үстүбүздөгү жылы эле 10дон ашык чакан ГЭС пайдаланууга берилди.

Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи — эң негизги стратегиялык долбоор. Ал региондук мааниге ээ болуп, кошуна өлкөлөрдү сугат суу менен камсыз кылууда башкы роль ойнойт.

Мындан тышкары, кайра калыбына келүүчү энергия булактары (ККЭБ)
Энергиянын альтернативдүү булактарын өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасалууда.

Жалпы кубаттуулугу 5 миң мегаваттан ашкан күн электр станцияларын куруу боюнча 10дон ашык келишимге кол коюлду.

Жакында Кемин районунда кубаттуулугу 120 мегаватт болгон алгачкы күн электр станциясы ачылат.

ГЭСтерди куруу жана күн энергиясын өздөштүрүү аркылуу жакынкы жылдары энергетикалык көз карандысыздыкка жетүүнү көздөп жатабыз", - деди Касымалиев.