Касымалиев Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа унаа жолунун курулушу менен таанышты

Министрлер кабинети 07 Август 2025 12:50
68943d5647649-thumb.jpeg
68943cf1327bf-thumb.jpeg
68943d54d0f0a-thumb.jpeg
68943d56a49ed-thumb.jpeg
68943d57b8303-thumb.jpeg
68943d414a34f-thumb.jpeg
68943d556e8c7-thumb.jpeg
68943d565391f-thumb.jpeg
68943d5478832-thumb.jpeg
68943d5751266-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68943d5647649-thumb.jpeg
68943cf1327bf-thumb.jpeg
68943d54d0f0a-thumb.jpeg
68943d56a49ed-thumb.jpeg
68943d57b8303-thumb.jpeg
68943d414a34f-thumb.jpeg
68943d556e8c7-thumb.jpeg
68943d565391f-thumb.jpeg
68943d5478832-thumb.jpeg
68943d5751266-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 07.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа эл аралык маанидеги автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Анда, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевге Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, мамлекеттик органдардын аймактагы ведомстволук бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу маалымат берди. 

Белгилей кетсек, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 бөлүктөн турат. Ошондой эле узундугу 31, 102 чакырымды түзгөн 2 даана көпүрө бар. Бүткөрүү мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сом. 

Учурда тротуарларды куруу, асфальт-бетон төшөө,  лотокторду орнотуу сыяктуу бир катар иштер уланууда. Пландалган жумуштардын 90-95%ы жыйынтыкталды.

Капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз убагында бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине тапшырды.