Касымалиев Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа унаа жолун оңдоо иштери менен таанышты

Министрлер кабинети 22 май 2025 13:20
682ece2cefa7d-thumb.jpeg
682ece20e90cc-thumb.jpeg
682ece37e3889-thumb.jpeg
682ece38b84b6-thumb.jpeg
682ece200a6e0-thumb.jpeg
682ece328dbb6-thumb.jpeg
682ece391781e-thumb.jpeg
682ece3106831-thumb.jpeg
682ece2bf31ff-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
682ece2cefa7d-thumb.jpeg
682ece20e90cc-thumb.jpeg
682ece37e3889-thumb.jpeg
682ece38b84b6-thumb.jpeg
682ece200a6e0-thumb.jpeg
682ece328dbb6-thumb.jpeg
682ece391781e-thumb.jpeg
682ece3106831-thumb.jpeg
682ece2bf31ff-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 22.05.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолун капиталдык оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. 

Анда, Транспорт жана коммуникациялар министрлиги, мамлекеттик органдардын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү иштин жүрүшү тууралуу минкаб төрагасы Адылбек Касымалиевге маалымат берди. 

Белгилүү болгондой, Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа автоунаа жолунун оңдолуучу бѳлүгүнүн узундугу 34 чакырым, ал 3 этаптан турат. Аткаруу мезгили 2025-жылдын аягына чейин пландалууда. Долбоордун сметалык баасы 2,2 млрд сом. 

Биринчи этапта Өзгөн шаарына караган 4,5 чакырым аймакта иш жүрүүдө. Бул аймакта жол төрт тилкелүү болуп, эки четинде тротуар, жашыл аянт жана ирригациялык курулуштар жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, быйыл Ош облусунун жол инфратүзүмүн жакшыртууга өлкөнүн Турукташтыруу фондунан кошумча 4 млрд сом бөлүнгөн. Бул каражатка облустагы стратегиялык маанидеги Өзгөн — Мырза-Аке — Кара-Кулжа, Ош — Баткен — Раззаков, Ош — Кара-Суу унаа жолунун жана Ноокат — Кызыл-Кыя жолунун калган бөлүгү оңдолмокчу.

Иштин жүрүшүн жеринде көрүп чыккан минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууну жана өз мөөнөтүндө бүткөрүүнү тиешелүү мамлекеттик органдардын башчыларына тапшырды.