Касымалиев Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы менен жолугушту

Министрлер кабинети 3026 06 Март 2025 17:50
67c981130c390-thumb.jpeg
67c9812d00a94-thumb.jpeg
67c9815d35e45-thumb.jpeg
67c9815de30a3-thumb.jpeg
67c9818db54eb-thumb.jpeg
67c98141da61f-thumb.jpeg
67c98187b836a-thumb.jpeg
67c98189c9c8c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67c981130c390-thumb.jpeg
67c9812d00a94-thumb.jpeg
67c9815d35e45-thumb.jpeg
67c9815de30a3-thumb.jpeg
67c9818db54eb-thumb.jpeg
67c98141da61f-thumb.jpeg
67c98187b836a-thumb.jpeg
67c98189c9c8c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 06.03.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Вьетнамга расмий визитинин алкагында Ханой шаарындагы Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы То Лам менен жолугушту.

МинКаб башчысы Кыргызстан менен Вьетнамды бекем достук байланыштары жана өз ара урматтоого, колдоого жана ишенимге негизделген мамилелерди өнүктүрүүгө умтулуу бириктирип турганын белгиледи. Ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун салам сөздөрүн жеткирди.

"Кыргыз Республикасы Вьетнам Социалисттик Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди жогору баалайт. Биргелешкен аракеттер менен биз кыргыз-вьетнам мамилелерине жаңы дем берип, элдерибиздин жыргалчылыгын максат кылган тыгыз кызматташуу үчүн перспективаларды ача алабыз деп ишенем. Биз Вьетнам менен парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүгө кызыкдарбыз. Биздин өлкөлөрдүн парламенттеринин эл аралык иштер боюнча комитеттеринин ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды түзүү, парламентарийлердин өз ара иш сапарлары мыйзамдык тажрыйба алмашууга, жалпысынан ар тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана өз ара мамилелерди чыңдоого өбөлгө түзөөрү маанилүү деп эсептейм", - деди Адылбек Касымалиев.

Вьетнам Коммунисттик партиясынын Борбордук комитетинин башкы катчысы То Лам өз кезегинде Вьетнам Кыргызстан менен достук мамилени жогору баалаарын белгиледи. Ал Вьетнамдын эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө даярдыгын тастыктады. 

Тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара аракеттенүү өз ара пайдалуу мамилелердин мындан ары өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет деген ишенимин билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана транспорттук-логистикалык кызматташуунун, парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.