Касымалиев: Туруктуулук жана коомдук тартип экономикалык өсүштүн негизи

Министрлер кабинети 23 Январь 2026 12:21
69730aaec99e5-thumb.jpeg
69730aafcf6f5-thumb.jpeg
69730ab4e6199-thumb.jpeg
69730ab8f1073-thumb.jpeg
69730ab25f6df-thumb.jpeg
69730ab49fa02-thumb.jpeg
69730ab812f30-thumb.jpeg
69730ab2400ea-thumb.jpeg
69730ab72759b-thumb.jpeg
69730aba8e4f0-thumb.jpeg
69730abaeb9f5-thumb.jpeg
69730abcb680d-thumb.jpeg
69730abcc9385-thumb.jpeg
69730abe28689-thumb.jpeg
69730abfe8567-thumb.jpeg
69730ac2ef26a-thumb.jpeg
69730ac4b31b4-thumb.jpeg
69730ac4d810c-thumb.jpeg
69730ac7cf162-thumb.jpeg
69730ac7f26e5-thumb.jpeg
69730ac19b9a3-thumb.jpeg
69730ac22aab4-thumb.jpeg
69730ac66e191-thumb.jpeg
69730ac964b84-thumb.jpeg
69730ac002336-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69730aaec99e5-thumb.jpeg
69730aafcf6f5-thumb.jpeg
69730ab4e6199-thumb.jpeg
69730ab8f1073-thumb.jpeg
69730ab25f6df-thumb.jpeg
69730ab49fa02-thumb.jpeg
69730ab812f30-thumb.jpeg
69730ab2400ea-thumb.jpeg
69730ab72759b-thumb.jpeg
69730aba8e4f0-thumb.jpeg
69730abaeb9f5-thumb.jpeg
69730abcb680d-thumb.jpeg
69730abcc9385-thumb.jpeg
69730abe28689-thumb.jpeg
69730abfe8567-thumb.jpeg
69730ac2ef26a-thumb.jpeg
69730ac4b31b4-thumb.jpeg
69730ac4d810c-thumb.jpeg
69730ac7cf162-thumb.jpeg
69730ac7f26e5-thumb.jpeg
69730ac19b9a3-thumb.jpeg
69730ac22aab4-thumb.jpeg
69730ac66e191-thumb.jpeg
69730ac964b84-thumb.jpeg
69730ac002336-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 23.01.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгына арналган коллегияга катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө ички иштер министри Улан Ниязбеков кылмыштуулук менен күрөшүүнүн көрсөткүчтөрү, милициянын иш-аракеттерине санариптик технологиялардын киргизилиши, жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. 

Өз кезегинде коллегиянын катышуучуларына кайрылган Адылбек Касымалиев Ички иштер министрлигинин өздүк курамына жыл бою болгон көптөгөн жогорку деңгээлдеги эл аралык сапарларда коопсуздукту камсыз кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, Ички иштер министрлигинин мамлекеттик түзүлүштөгү ролу өтө маанилүү, анткени ведомство калк менен түздөн-түз иштеп, мыйзамдуулукту жана туруктуулукту камсыз кылууда. 

Минкаб төрагасынын айтымында, өлкөдөгү тынчтык жана туруктуулук мамлекетке кубаттуу экономикалык секирик жасоого мүмкүндүк берген негиз болуп калды, анткени коомдук коопсуздук болбосо улуттук экономиканы өнүктүрүү мүмкүн эмес болчу. 

Адылбек Касымалиев ошондой эле 2025-жыл тарыхый учур болгонун белгиледи. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети 1 триллион сомдон ашты, бул 2020-жылдын деңгээлинен дээрлик беш эсеге көп. Бул жылыш факторлордун айкалышынын натыйжасында мүмкүн болду, анын негизгиси - динамикалык экономикалык өсүш. 

Минкаб төрагасы сөзүн жыйынтыктап жатып, Ички иштер министрлигинин өз ишинде ийгилик көрсөткөн кызматкерлерине министрлер кабинетинин төрагасынын Ардак грамоталарын жана ыраазычылыктарын тапшырып, милиция кызматкерлерин иш темпин сактап, кыраакы болууга чакырды, коомдук тартип Кыргызстандын мындан ары гүлдөп-өсүшүнүн жана ар бир жарандын бакубат жашоосунун ачкычы экенин баса белгиледи.