Касымалиев: Туризм – өлкө экономикасынын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири

Министрлер кабинети Загрузка... 24 Декабрь 2025 15:00
WhatsApp Image 2025-12-22 at 14.56.21 (1).jpeg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 24.12.25./Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында туризм, маданият жана спорт тармактарындагы жетишкендиктерге жана өнүгүү перспективаларына арналган кеңири баяндама жасады.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, туризм өлкө экономикасынын эң тез өнүгүп жаткан тармактарынын бири болуп саналат.

Ири инвестициялык долбоордун алкагында «Ала-Тоо Резорт» төрт мезгилдүү тоо лыжа кластеринин курулушу башталды. Бул масштабдуу туристтик-тоо лыжа кластери Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда жайгашкан жана жалпы аянты 3 916 гектарды түзгөн үч зонаны – Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учукту камтыйт.

Туристтик сектордо Ысык-Көл округун жана Чолпон-Ата шаарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Бардык санаторийлер, пансионаттар, мейманканалар жана пляждар тейлөө сапатын жогорулатуу менен белгиленген стандарттарга ылайык этабы менен келтирилет.

"Кыргызстандын туристтик багыт катары эл аралык аброю дагы бир топ жогорулап жатат. 2025-жылы Кыргыз Республикасы Financial Times авторитеттүү басылмасынын версиясы боюнча дүйнөдөгү эң мыкты эс алуучу 50 багыттын катарына кирди. Мындан тышкары, Кыргызстан The Guardian абройлуу британиялык басылмасы тарабынан этникалык туризм үчүн эң мыкты багыттардын бири деп табылды», - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Маданият тармагында мекемелердин имараттарын капиталдык оңдоо жана алардын материалдык-техникалык базасын жакшыртуу боюнча бир катар иштер аткарылды. Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз улуттук маданият жана искусство университетинин жаңы окуу корпусунун курулушуна 990 млн сом бөлүндү. М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайынын окуу корпусунун курулушуна 750 млн сом бөлүндү.

Минкаб башчысы ошондой эле Манас шаарында 3200 орундуу филармония жана заманбап музей куруларын билдирди. Маданий инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган мындай долбоорлор өлкөнүн бардык аймактарында ишке ашырылууда. Кыргызстандын улуттук суусундугу – максымдын –   2025-жылдын 10-декабрында ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастар тизмесине киргизилиши өлкө үчүн маанилүү окуя болду.

"Спортту мындан ары өнүктүрүү үчүн 2025-жылы Спорт боюнча мамлекеттик агенттик түзүлдү. Ушул жылы машыктыруучулардын эмгек акысы 30%га көбөйтүлдү. Спортко мамлекеттик чыгымдар туруктуу өсүштү көрсөтүүдө: 2020-жылдагы 800 млн сомдон 2024-жылы 2,2 млрд сомго жана 2025-жылы 2,5 млрд сомго чейин", - деди министрлер кабинетинин башчысы.

Өлкөдө спорттук инфраструктура активдүү калыбына келтирилип, жаңы объектилер курулууда. 2025-жылы Бишкектеги 5000 орундуу Кичи спорт аренасы реконструкцияланды. Манас шаарында бюджети 1 млрд сомду түзгөн 5200 орундуу спорт сарайы курулду.

"Бишкекте ФИФАнын стандарттарына жооп берген 51 000 орундуу "Бишкек Арена" стадионунун курулушу жүрүп жатат. Бардык аймактарда жаңы спорт залдары жана стадиондор ачылып, калктын кеңири катмары үчүн жеткиликтүү болгон заманбап спорттук инфраструктура түзүлүүдө", - деп билдирди министрлер кабинетинин башчысы.