Касымалиев: КР менен КМШ мамлекеттеринин ортосундагы өз ара соода деңгээли 10%га өстү

Министрлер кабинети Загрузка... 05 Июнь 2025 15:10
6841349898db5-thumb.jpeg
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 05.06.25. /Кабар/. Кыргызстан менен КМШга мүчө мамлекеттердин ортосундагы өз ара сооданын деңгээли өткөн жылы 10%га өстү, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбеде Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөт башчыларынын кеңешинин кеңейтилген курамдагы жыйында.

Касымалиев белгилегендей, бул жалпы соода жүгүртүүнүн 37,4%ын, анын ичинде экспорт 48,2%ды, импорт 34%ды түздү. Бул көрсөткүч быйыл да сакталууда.

КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Шериктештик мейкиндигинде өз ара кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулаткан негизги экономикалык көрсөткүчтөргө кайрылышты. Анда социалдык-экономикалык кырдаалдын оң динамикасы байкалып өткөн жылдын аягында дүйнөлүк ички дүң продуктта (ИДП) КМШга мүчө өлкөлөрүнүн ИДПсы 4,4%ды түзүп, жалпы көлөмдүн өсүшүнөн кабар берген.

“Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, экономиканын өсүү темпи, калктын бакубаттуулугунун деңгээлинин жогорулашы жана ички рыноктордун мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши Шериктештик өнүгүүнүн жигердүү баскычында, ишкердик жогорулап, өз ара пайдалуу кызматташуу мейкиндиги түзүлүп жаткандыгын айгинелейт. Буга байланыштуу Кыргызстан энергетика, логистика, курулуш, айыл чарба, санариптик экономика жана “жашыл” технологиялар боюнча биргелешкен долбоорлорду активдештирүүгө даяр”, — деди Адылбек Касымалиев.