Касымалиев Сауд өнүктүрүү фонду менен Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушун талкуулады

Министрлер кабинети 09 Октябрь 2025 18:17
68e7a36027686.jpg
68e7a360273e5.jpg
68e7a3605ecb6.jpg
68e7a3605d728.jpg
68e7a3e5b3ca6.jpg
Алдыга
Артка
68e7a36027686.jpg
68e7a360273e5.jpg
68e7a3605ecb6.jpg
68e7a3605d728.jpg
68e7a3e5b3ca6.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун кыргыз-сауд мамилелерин чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

"Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда жемиштүү кызматташтык уланууда. Фонддун колдоосунун аркасында саламаттыкты сактоо, транспорт, турак жай куруу жана айылдык калктуу конуштарды суу менен камсыздоо тармактарында долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда", - деп баса белгиледи министрлер кабинетинин башчысы.

Өз кезегинде Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад мындан ары да өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө жана республикада социалдык маанилүү демилгелерди ишке ашырууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Кыргызстандын туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө көмөктөшүүгө багытталган өнөктөштүктү чыңдоого кызыкдар экенин ырасташты. Жолугушуунун алкагында тараптар ошондой эле Камбар-Ата-1 ГЭС куруу долбоору боюнча кызматташуунун келечегин талкуулашты.