Салык кызматынын мамлекеттин кызыкчылыгын коргоо жөндөмү артууда

Министрлер кабинети 01 Июль 2025 12:10
686378ced5d37-thumb.jpg
686378cac96bf-thumb.jpg
686378cace763-thumb.jpg
686378cb858ab-thumb.jpg
686378cb93929-thumb.jpg
686378cc7cb8b-thumb.jpg
686378cc09ef0-thumb.jpg
686378cc21208-thumb.jpg
686378cdcfbe3-thumb.jpg
686378ced5d37-thumb.jpg
686378cf2f8d3-thumb.jpg
686378d29f687-thumb.jpg
686378d73fce0-thumb.jpg
686378d6720b5-thumb.jpg
68637923cd834-thumb.jpg
68637923d0c2d-thumb.jpg
686379240efd0-thumb.jpg
686379240f3cb-thumb.jpg
68637923953cb-thumb.jpg
6863792397938-thumb.jpg
Алдыга
Артка
686378ced5d37-thumb.jpg
686378cac96bf-thumb.jpg
686378cace763-thumb.jpg
686378cb858ab-thumb.jpg
686378cb93929-thumb.jpg
686378cc7cb8b-thumb.jpg
686378cc09ef0-thumb.jpg
686378cc21208-thumb.jpg
686378cdcfbe3-thumb.jpg
686378ced5d37-thumb.jpg
686378cf2f8d3-thumb.jpg
686378d29f687-thumb.jpg
686378d73fce0-thumb.jpg
686378d6720b5-thumb.jpg
68637923cd834-thumb.jpg
68637923d0c2d-thumb.jpg
686379240efd0-thumb.jpg
686379240f3cb-thumb.jpg
68637923953cb-thumb.jpg
6863792397938-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын 35 жылдыгына жана салык тармагынын кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата уюштурулган иш-чарага катышты.

Төрага салыктар ар бир жарандын жана ар бир ишкердин өлкө алдындагы коомдук парзын аткаруусунун көрсөткүчү экенин белгиледи.

«Салык системасын уюштуруу – бул чоң илим да, чоң саясат да. Дал ушул себептен улам сиздер салык жыйноо менен гана чектелбестен, бизнес менен өнөктөштүктө иштеген, коомдун муктаждыктарын түшүнгөн, ачык-айкындуулукка жана натыйжалуулукка умтулган сервистик кызматка айландыңыздар. Бүгүн салык кызматынын 35 жылдыгын белгилеп жатып, каржы тармагындагы ишмердүүлүккө кыскача токтолгум келет. Сиздерге белгилүү болгондой, биздин өлкөдө улуттук кирешени кайра бөлүштүрүү функциясы көп жылдар бою начар аткарылып келген, көмүскө экономика мыйзамдуу сектордон кыйла ашып кеткен. Акыркы жылдары гана экономикада тартип орнотууга жетишилди. Ошол эле учурда заманбап технологияларды жана жаңы эрежелерди киргизүүнүн аркасында көмүскө сектор мыйзамдаштырыла баштады, каржы агымдары ачык-айкын болуп калды. Натыйжада салык кызматы мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктарын коргоого, салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн өз убагында түшүүсүн камсыздоого, ошондой эле билим берүүнү, саламаттык сактоону, коопсуздукту жана аймактарды өнүктүрүүнү каржылоо үчүн олуттуу каражаттарды топтоого жөндөмдүү болуп калды», - деди ал.

Адылбек Касымалиев 2024-жылы салыктар жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча түшүүлөр 302,4 млрд сомду түзгөнүн, бул 2023-жылга салыштырмалуу 53 млрд сомго көп экенин, өсүү 21%дан ашканын билдирди. Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында салыктардын жана камсыздандыруу төгүмдөрүнүн түшүүлөрү 147,4 млрд сомду түздү, бул өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 33,3 млрд сомго же 28%га көп.

Минкаб башчысы бүгүнкү күндө Салык кызматы санариптик өнүгүү векторуна ээ күчтүү мамлекеттик орган экенин баса белгилеп, бир катар милдеттердин маанилүүлүгүн белгиледи. Алардын катарында процесстерди андан ары санариптештирүү жана автоматташтыруу, салыктык башкарууну өркүндөтүү, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, калк жана бизнес менен диалогду кеңейтүү, салыктарды ыктыярдуу жана өз убагында төлөө үчүн шарттарды түзүү бар.

«Бизнести өнөктөш катары кабыл алууга – ишкерлерди колдоого, таянычка жана коштоого өзгөчө көңүл буруу керек. Биздин салык системасы бизнеске тоскоол болбошу керек, тескерисинче – анын өнүгүшүнө түрткү бериши керек. Бул максатта биз ашыкча бюрократиядан арылууга аракет кылып жатабыз. Буга үстүбүздөгү жылы ишке ашырылган 100 күндүк акселератор натыйжалуу курал болду», - деди ал.Сөзүнүн аягында министрлер кабинетинин төрагасы мамлекет Салык кызматына чоң үмүт артарын баса белгилеп, салык тармагынын кызматкерлерине бекем ден соолук, бакубатчылык, ийгиликтерди жана жаңы жеңиштерди каалады. 

Андан соң Салык кызматынын бир катар өкүлдөрүнө министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын жана министрлер кабинетинин төрагасынын атынан ыраазычылык грамоталарын тапшыруу аземи болуп өттү.