Касымалиев Москвада илим, технологиялар жаатындагы эл аралык конференцияга катышты

Министрлер кабинети Загрузка... 12 Декабрь 2025 16:50
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 12.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Россиянын Москва шаарына болгон иш сапарынын алкагында илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты. 

Алгач минкаб башчысы ЕАЭБга мүчө өлкөлөрдүн жана байкоочу мамлекеттин өкмөт башчылары менен биргеликте Москва шаарындагы Эл чарбасынын жетишкендиктеринин көргөзмөсүнүн (ВДНХ) аймагында жайгашкан атом өнөр жайынын өнүгүшүнө арналган эң ири билим берүү комплекси саналган “Атом” павильонундагы музей менен таанышып чыкты. 

Музейдеги экспозициялар атомдук энергияны өздөштүрүү тарыхы, советтик атомдук долбоордун башталышынан бүгүнкү күнгө чейин баяндайт.

Андан соң Адылбек Касымалиев ушул эле комплексте өтүп жаткан илим жана технологиялар жаатындагы кызматташтык боюнча эл аралык конференцияга катышты.

Конференцияда экологиялык коопсуздукту жана энергиянын натыйжалуулугун камсыз кылуу үчүн газ жана суюк чөйрөлөрдү тазалоо системалары, радиоактивдүү калдыктарды коопсуз сорттоо жана паспорттоштуруу үчүн роботтоштурулган система, лазерлер, оптоэлектроника, 5G жана медицина үчүн материалдарды жана компоненттерди иштеп чыгуу, өсүмдүктөрдү зыянкечтерден коргоо үчүн жөргөмүш уусунун токсининин негизинде экологиялык жактан таза инсектицидди иштеп чыгуу, илимий тармак түзүү жана  нейтрондук нурлануу орнотмолоруна жеткиликтүүлүк боюнча бир катар презентациялар көрсөтүлдү.