Касымалиев менен Оверчук Бишкекте мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты

Министрлер кабинети 10 Ноябрь 2025 18:20
6911cd505b435-thumb.jpg
6911cd50b8e97-thumb.jpg
6911cd50b8140-thumb.jpg
6911cd50e9702-thumb.jpg
6911cd50ebc9e-thumb.jpg
6911cd51a0db2-thumb.jpg
6911cd51a63bc-thumb.jpg
6911cd51ee286-thumb.jpg
6911cd505ad3b-thumb.jpg
6911cd5154bf6-thumb.jpg
6911cd515098c-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6911cd505b435-thumb.jpg
6911cd50b8e97-thumb.jpg
6911cd50b8140-thumb.jpg
6911cd50e9702-thumb.jpg
6911cd50ebc9e-thumb.jpg
6911cd51a0db2-thumb.jpg
6911cd51a63bc-thumb.jpg
6911cd51ee286-thumb.jpg
6911cd505ad3b-thumb.jpg
6911cd5154bf6-thumb.jpg
6911cd515098c-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана өлкөгө иш сапары менен келген Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Бишкек шаарында мектеп куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын министрлер кабинети менен Россия өкмөтүнүн ортосунда Кыргызстанда биргелешкен жалпы билим берүүчү мекемелерди түзүү, куруу жана ишке ашыруу боюнча макулдашууну ишке ашыруу максатында, республика боюнча мектептерди куруу үчүн 9 жер тилкеси аныкталган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен Россия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук борбордо курула турган мектептин жеринде болушту. Аларга мектептин долбоору тууралуу маалымат берилди. Мектептин долбооруна ылайык 1224 окуучуга ылайыкталууда, жер аянты 3 гектарды түзөт.

Учурда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги тарабынан долбоорду ишке ашырууга байланышкан ар кандай курулуш иштери жүргүзүлүүдө.