Спорт сарайы жана кардиоборбор. Касымалиев Манастагы ири курулуштар менен таанышты

Министрлер кабинети 05 Декабрь 2025 16:16
6932a0b341d8a-thumb.jpeg
6932a0ba34b7b-thumb.jpeg
6932a0becb208-thumb.jpeg
6932a0bf154b7-thumb.jpeg
6932a0c4a03a9-thumb.jpeg
6932a0c5e02ca-thumb.jpeg
6932a0c8ddd89-thumb.jpeg
6932a0c21f94b-thumb.jpeg
6932a0c82839e-thumb.jpeg
6932a48d144e8-thumb.jpeg
6932a4905bbc7-thumb.jpeg
6932a4938dc09-thumb.jpeg
6932a49138d3c-thumb.jpeg
6932a49779fd3-thumb.jpeg
6932a493491c2-thumb.jpeg
6932a4977854c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6932a0b341d8a-thumb.jpeg
6932a0ba34b7b-thumb.jpeg
6932a0becb208-thumb.jpeg
6932a0bf154b7-thumb.jpeg
6932a0c4a03a9-thumb.jpeg
6932a0c5e02ca-thumb.jpeg
6932a0c8ddd89-thumb.jpeg
6932a0c21f94b-thumb.jpeg
6932a0c82839e-thumb.jpeg
6932a48d144e8-thumb.jpeg
6932a4905bbc7-thumb.jpeg
6932a4938dc09-thumb.jpeg
6932a49138d3c-thumb.jpeg
6932a49779fd3-thumb.jpeg
6932a493491c2-thumb.jpeg
6932a4977854c-thumb.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 05.12.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев иш сапарынын алкагында Манас шаарындагы бир катар ири социалдык объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты.

Минкаб төрагасы алгач 5200 орундуу Спорт сарайынын курулушу менен таанышты. Объект заманбап инженердик-курулуш талаптарына ылайык салынып жатат. Спорт комплексинде бассейн, спорттук аянтчалар, конференц-зал, машыгуу жана массаж залдары, душ жана санитардык түйүндөр, көмөкчү бөлмөлөр, фудкорттор, трибуналар жана гимнастика залы каралган.

Объект 2026-жылдын августунда бүткөрүлөрү күтүлүүдө. Андан ары Адылбек Касымалиев жүрөк-кан тамыр хирургиясы боюнча Түштүк аймактык илимий борборунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап медициналык комплекс 250 орунга ылайыкташтырылат. Курулуш иштери 2026-жылдын аягында аяктайт деп пландалууда. Илимий борбор калк үчүн жогорку технологиялуу кардиохирургиялык жардамдын жеткиликтүүлүгүн арттырат.

Ошондой эле президенттик «Акылман» лицейинин курулушунун жүрүшү менен дагы таанышты. Долбоорго үч кабаттуу окуу корпусу, 420 орундуу окуучулар үчүн жатакана жана педагогдорду жеткиликтүү турак жай менен камсыздоо үчүн 25 батирлүү көп кабаттуу үй кирет. Курулушту 2026-жылдын сентябрь айында аяктоо пландалган.

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев курулуш иштеринин графигин так сактоону жана сапаттуу аткарылышын камсыздоону тапшырып, региондорду өнүктүрүү жана социалдык кызматтардын сапатын жогорулатуу өкмөттүн негизги приоритеттеринин бири бойдон кала берерин баса белгиледи.