Бишкек, 23.12.25. /Кабар/. 2026-жылдын бюджети профицитке ээ жана туруктуу экономикалык өнүгүүгө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууга багытталган. 2026-жылга консолидацияланган бюджет 843,6 миллиард сом өлчөмүндө пландалып, 1 триллион сомдон кем эмес чогултуу максаты коюлган. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Жогорку Кеңештин кеңейтилген жыйынында министрлер кабинетинин 2024-жылга карата отчетун кароо, 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун кароо учурунда билдирди.
Минкаб төрагасынын айтымында, социалдык тармак негизги артыкчылык бойдон калууда. Социалдык тармакка 230,9 миллиард сом бөлүнгөн. Бул каражаттар билим берүүнү, саламаттыкты сактоону жана социалдык коргоону өнүктүрүүгө жумшалат.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле алдыдагы беш жылда масштабдуу өзгөрүүлөр күтүлүп жатканын кошумчалады.
“Мамлекет 2030-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасында каралган ири стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууну улантууда. Негизги долбоорлордун арасында өлкөнүн энергетикалык жана транспорттук коопсуздугунун негизин түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСи жана Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушу бар”, - деп жыйынтыктады Адылбек Касымалиев.