Касымалиев: Маданият кызматкерлерине мыкты шарттарды түзүү улантылат

Министрлер кабинети 18 Июль 2025 11:51
6879dc9fc6878-thumb.jpeg
6879dc96d3563-thumb.jpeg
6879dc9b01f92-thumb.jpeg
6879dc884b914-thumb.jpeg
6879dca4963ec-thumb.jpeg
6879dcb0c4ed2-thumb.jpeg
6879dcd2baa47-thumb.jpeg
6879dcd2bf69a-thumb.jpeg
6879dcd3ad53b-thumb.jpeg
6879dcd30ce4d-thumb.jpeg
6879dcd35a9b9-thumb.jpeg
6879dcd39ae5e-thumb.jpeg
6879dcd3345ee-thumb.jpeg
6879dcd3826a9-thumb.jpeg
6879dcd31670d-thumb.jpeg
6879dcd343935-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6879dc9fc6878-thumb.jpeg
6879dc96d3563-thumb.jpeg
6879dc9b01f92-thumb.jpeg
6879dc884b914-thumb.jpeg
6879dca4963ec-thumb.jpeg
6879dcb0c4ed2-thumb.jpeg
6879dcd2baa47-thumb.jpeg
6879dcd2bf69a-thumb.jpeg
6879dcd3ad53b-thumb.jpeg
6879dcd30ce4d-thumb.jpeg
6879dcd35a9b9-thumb.jpeg
6879dcd39ae5e-thumb.jpeg
6879dcd3345ee-thumb.jpeg
6879dcd3826a9-thumb.jpeg
6879dcd31670d-thumb.jpeg
6879dcd343935-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 18.07.25 /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшырды. 

Анда сөз сүйлөгөн, минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев президенттин жана жалпы министрлер кабинетинин атынан министрликти жаңы автоунаалуу болушу менен куттуктап, акыркы жылдары маданият тармагын жакшыртуу иштери алгылыктуу жүрүп жатканын билдирди.

Ал белгилегендей, 2025-жылга бекитилген бюджет боюнча маданият тармагына 3 млрд сом каралган, өнөр адамдары үчүн учурда республиканын бардык аймактарындагы маданий объекттердин инфраструктурасы жакшыртылып жатканын кошумчалады. 

“Маданият тармагынын жаңы унаалуу болушу – чоң кубаныч. Айрыкча алыскы райондордун маданият кызматкерлеринин ишинин натыйжалуулугу транспорттун жеткиликтүүлүгүнөн түздөн-түз көз каранды. Жаңы автобустар – китептерди, жабдууларды, адистерди өз убагында жеткирүүгө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууга, маданий-агартуу иш-чараларын өткөрүүдө кызматкерлерге ыңгайлуу шарт түзөт деп ишенебиз. Урматтуу маданият кызматкерлери, сиздерге чыгармачылык ишмердүүлүктү үзүрлүү жүргүзүүгө мыкты шарттарды түзүү мындан ары да улантылат. Дагы бир жолу алган автоунааңыздар кут болсун”, – деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев

Белгилей кетсек, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигине 359 млн сомдон ашуун каражатка 72 даана автоунаа сатып алынды. Анын 15и – чоң автобус, 57си – кичи автобус. Алынган автоунаалар бардык заманбап талаптарга жооп берет.