Касымалиев: Өлкө ИДПсы 5 жылда 8 млрд доллардан 22 млрд долларга чейин өстү

Министрлер кабинети 06 Февраль 2026 13:00
69858a8dec2bb-thumb.jpeg
69858a8d90b92-thumb.jpeg
69858a8dbd93b-thumb.jpeg
69858a8e96dc4-thumb.jpeg
69858a8e26223-thumb.jpeg
69858a8e57005-thumb.jpeg
69858a8edf89d-thumb.jpeg
69858a8f4cefd-thumb.jpeg
69858a8f10345-thumb.jpeg
69858a8f84760-thumb.jpeg
69858a8fd55c0-thumb.jpeg
69858a90d0162-thumb.jpeg
69858a915eec6-thumb.jpeg
69858a91880e1-thumb.jpeg
69858a910939b-thumb.jpeg
69858a9004003-thumb.jpeg
69858a9044000-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
69858a8dec2bb-thumb.jpeg
69858a8d90b92-thumb.jpeg
69858a8dbd93b-thumb.jpeg
69858a8e96dc4-thumb.jpeg
69858a8e26223-thumb.jpeg
69858a8e57005-thumb.jpeg
69858a8edf89d-thumb.jpeg
69858a8f4cefd-thumb.jpeg
69858a8f10345-thumb.jpeg
69858a8f84760-thumb.jpeg
69858a8fd55c0-thumb.jpeg
69858a90d0162-thumb.jpeg
69858a915eec6-thumb.jpeg
69858a91880e1-thumb.jpeg
69858a910939b-thumb.jpeg
69858a9004003-thumb.jpeg
69858a9044000-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Ташкент, 06.02.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Мамлекеттик салык кызматынын жыл жыйынтыгын чыгарган коллегиясына катышты. 

Минкаб башчысы Мамлекеттик салык кызматы 2025-жылы 391,8 млрд сом чогултуп, планды 8,2 млрд сомго ашыгы менен аткарганын айтып, акыркы жылдары санариптештирүү, салыктык администрлөөнү жөнөкөйлөтүү, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу багытында бир катар алгылыктуу чаралар ишке киргенин белгиледи. 

Министрлер кабинетинин башчысы бюджеттин өсүшүнө таасир эткен бир катар факторлорду белгиледи, алардын ичинде: экономиканын өсүшү, өлкөнүн ИДПсы 2020-жылы 8,3 млрд долларды түзсө, 2025-жылы – 22,6 млрд доллардан ашты; салыктык башкаруунун жакшырышы, салыктык түшүүлөр болжол менен 4 эсеге көбөйдү; бажылык түшүүлөр 6 эсеге көбөйдү; салыктык эмес түшүүлөр 8-9 эсеге көбөйдү; экономикалык активдүүлүктүн өсүшү, курулуш, соода, тейлөө чөйрөсүндө, айыл чарбасында өсүш байкалууда; алтындын дүйнөлүк баасынын жогорулашынан улам, Кумтөрдүн ишмердүүлүгүнөн түшкөн киреше 5 млрд доллардан ашты. 

Минкаб башчысы бул жылга президент тарабынан коюлган негизги милдеттердин бири – социалдык тармактын кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу экенин белгиледи. 

“Бул милдетти ошондой эле бардык ири инфраструктуралык долбоорлорго, ири саясий   мамлекеттик иш-чараларга каражаттарды таап, өз убагында каржылап турууда – Салык кызматы негизги күчтү сиздер бересиздер”-деди Касымалиев. 

Министрлер кабинетинин төрагасы коллегияда салыктык карыздардын көбөйүшү жана кошумча нарк салыгынан  ашып кеткен суммалардын жана башка салыктардын ашыкча төлөнгөн суммасынын системалуу түрдө өсүп баратышы көйгөйлөрүнө көңүл буруп, бул маселелерди кечиктирбестен чечүүнү талап кылды.

Ошондой эле минкаб башчысы “Салык күзөт” маалыматтык системасы менен таанышып, аны өркүндөтүү жана жакынкы аралыкта ишке киргизүү тапшырмасын берди. 

Сөзүнүн акырында алдыда турган максаттарга жетиш үчүн азыркыдан күчтүү дем менен,  кесипкөйлүк менен иштөө зарыл деп белгиледи. 

“2 күн мурда Бириккен Араб Эмираттарында өткөн Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин алкагында "Кыргызстандын экономикалык өсүшүнүн модели" деп аталган иш-чараны өткөрүп келдик. Өлкөбүздүн ийгиликтүү тарыхы жана "Ак илбирс" деп аталган экономикалык өсүштүн уникалдуу модели жөнүндө баяндадык. Ушул темптен, ушул басыктан жазбай баарыбыз күжүрмөн эмгек менен жаңы жеңиштерге жетишибиз керек”-деп сөзүн жыйынтыктап, Мамлекеттик салык кызматынын айрым кызматкерлерине сыйлыктарды тапшырды.