Касымалиев: Кыргызстан санариптик каржы жаатында эл аралык кызматташууга ачык

Министрлер кабинети 30 май 2025 12:12
6839463018832-thumb.jpg
68394631c12c0-thumb.jpg
68394631c34d8-thumb.jpg
683946303e8e8-thumb.jpg
683946312d5f1-thumb.jpg
6839463026a6e-thumb.jpg
6839463127ea7-thumb.jpg
6839463179f90-thumb.jpg
68394630896db-thumb.jpg
68394631940c8-thumb.jpg
683946308614e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6839463018832-thumb.jpg
68394631c12c0-thumb.jpg
68394631c34d8-thumb.jpg
683946303e8e8-thumb.jpg
683946312d5f1-thumb.jpg
6839463026a6e-thumb.jpg
6839463127ea7-thumb.jpg
6839463179f90-thumb.jpg
68394630896db-thumb.jpg
68394631940c8-thumb.jpg
683946308614e-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 30.05.25 /Кабар/. Кыргызстан санариптик финансы чөйрөсүндө эл аралык кызматташуу үчүн ачык жана өнөктөштүккө, инвестицияларга жана тажрыйба алмашууга кызыкдар. Биз санариптик трансформацияны туруктуу өнүгүүнүн глобалдык күн тартибинин бир бөлүгү катары карайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Бишкек эл аралык финансылык форуму-2025" аттуу форумда ачылыш сөз сүйлөп жатып билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы "Бишкек эл аралык финансылык форуму" туруктуу каржы тутумун өнүктүрүүнү, алдыңкы технологияларды жана инновацияларды киргизүүнү талкуулоо үчүн салттуу аянтчага айланганын баса белгиледи. Форум быйыл 11-жолу өткөрүлүп жатат.

"Бүгүн биз маалыматты иштеп чыгуу технологиялары финансы чөйрөсүн гана эмес, мамлекеттердин башкаруу жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негиздерин да өзгөртүп жаткан жаңы санариптик доордун босогосунда турабыз. Буга байланыштуу санариптештирүү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын стратегиялык артыкчылыгы болуп саналат", - деп белгиледи ал.

Ал Кыргызстан санариптик чечимдерди ырааттуу түрдө ишке ашырып, технологияга, ачык-айкындуулукка, инклюзивдүүлүккө жана ишенимге негизделген заманбап финансылык экосистеманы калыптандырып жатканын кошумчалады.

"Биз электрондук төлөмдөрдү, чакан жана орто бизнес үчүн санариптик платформаларды активдүү өнүктүрүп, финтех-стартаптар үчүн жагымдуу шарттарды түзүп жатабыз. 2023-жылдан тартып өлкөдө банктык карталар, электрондук капчыктар жана мобилдик тиркемелер менен интеграцияланган улуттук стандарттагы QR-коддорун колдонуу менен накталай эмес эсептешүүлөр системасы ийгиликтүү өнүгүүдө", - деп белгиледи минкаб төрагасы жана бул багыттагы иштер улантыларын кошумчалады.

Мындан тышкары, ал "Санариптик сомду" киргизүү боюнча долбоорго токтолду.

"2025-жылдын апрель айында Кыргызстандын президенти мыйзамга кол койгондон кийин өлкөдө негизги стратегиялык демилгелердин бири - санариптик сомду киргизүү башталды. Бул масштабдуу долбоорду ишке ашыруу экономиканын дээрлик бардык тармактарын камтыйт жана улуттук санариптик экономиканы өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп калат", - деп минкаб төрагасы сөзүн жыйынтыктады, азыркы форум Кыргызстандын гана эмес, бүтүндөй Евразия регионунун каржы келечегин түзө турган жаңы чечимдердин, долбоорлордун жана идеялардын пайда болушу үчүн платформа болоруна ишенимин билдирди.