Адылбек Касымалиев Душанбеде Тажикстан президенти менен жолугушту

Министрлер кабинети 05 Июнь 2025 11:31
68412777d5ecc-thumb.jpeg
6841275b9938b-thumb.jpeg
684127654615e-thumb.jpeg
6841276470ef9-thumb.jpeg
6841277119729-thumb.jpeg
6841277c00600-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
68412777d5ecc-thumb.jpeg
6841275b9938b-thumb.jpeg
684127654615e-thumb.jpeg
6841276470ef9-thumb.jpeg
6841277119729-thumb.jpeg
6841277c00600-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек 05.06.25 /Кабар/. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Душанбе шаарына болгон иш сапарынын алкагында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен жолукту.

Жолугушуу Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана КМШнын Аткаруу комитетинин башкы катчысы менен биргеликте болду. 

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө КМШга мүчө мамлекеттеринин Өкмөт башчыларынын кеңешинин алдыдагы чечимдери КМШдагы интеграциялык процесстерге жаңы дем берип, жамааттык туруктуулукту бекемдеп, жарандардын бакубаттуулугун жогорулатуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү түзүлөрү айтылды. 

Андан соң КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен биргеликте сүрөткө түшүү аземи болду. 

Эскерте кетсек, бүгүн 5-июнда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Өкмөт башчыларынын кеңешинин тар жана кеңейтилген курамдагы жыйыны өткөрүлөт. Отурумдун жүрүшүндө соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, чечимдер кабыл алынат.